333
28.01.2020
Жашоо соонун бул жарыка жаралганга,
Адам болуп жер үстүндө басканыма.
Шүгүр кылам жараткан Аллахыма,
Бул жашоодо баардыгы болот тура.
Жашоо чиркин жашаганды билиш керек,
Бул дүйнөнүн түркүн түсүн көрүш керек.
Өмүр бизге убактулуу берилген соң,
Жашоону барыктап билип жаша демек.
Карасам бул жашоонун бут агымын,
Бара жатат түркүн дүйнө селдей агып.
Нечен деген жер үстүндө тируу жандар,
Күрөшүп жашап келет жашоо менен.
Жашоодо өз ордумду таба алдымбы,
Жаңылбастан түз эле баратамбы.
Өкүнбөйүн өз жашоомдуу кайгы кылып,
Жашоонун сырын билип мен жашайын.
Багыты бир тарапка өссө экен,
Бул жашоодон баарын күтсө болот экен.
Аллахым жашообузду адал кылып,
Жакшы жашоо өмүрүн берсе экен... Автор Бактыяр Муратбеков 0500353534