2237
07.11.2019
Таш-Комур
Кыз узатуу бүгүн менин жакшылыгым,
Кубанчымды тең бөлүшөм курбуларым.
Өйдө ылдый бул турмуштун барагында,
Жазылыптыр кыз узатуу тойум мына.
Жылуу сөздөр калоо тилек кабыл болсун,
Бул жакшылык ар бир кызга насип болсун.
Ата энемдин ыразычылыгы менен алган,
Кыз узатуу тойум менин насип кылган.
Жакшылыктын жарчысы бар жан дүйнөмдө,
Жакшы күндөр насип болсун бул өмүрдө.
Баскан жолум гүлгө оролсун ар убакта,
Турмуш жолум кең болсун жакшылыкта,
Кыз узатуу тойум менин бүгүн мына.
Ушул күнү турмуш жолун насип кылган,
Жаратканга шүгүр кылам ар убакта.
Жүрөктө жакшы тилек ойлор менен,
Турмушка аттанып бүгүн жатам.
Кубанычты күндүн бири ушул күнү,
Түгөйүмө жар боломун түбөлүктү.
Жаратканым берсин бизге чексиз сүйүү,
Турмуш жолун тандадым ушул күнү.
Ак каардай аруу таза махабатым,
Дүйнөнүн бир бакытын тандап алдым.
Бакыт каалап жакшы тилек арнагыла,
Мен турмушка чыгып жатам буйурса мына.....