Nurlan Nasip
@nurlannasip_kg
Nurlan Nasip

Подписчики: 2264506
Посты: 3044
Подписки: 147
Тел: +996 559 609-090
http://www.youtube.com/c/NurlanNasip


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
30471  
16.12.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
Быйыл дагы кудайга шүгүр жемиштүү жылдардан болду 🙏 Музыка каналында бир эмес 4-Номинацияда атсалышып жатканым эле бул чон жетишкендик деп билем 🙏 Жылдын мыкты ыры « Мадам» аталды 🏆 Жылдын мыкты композитору деген сыйлуу наам алдым 🏆 Мени колдоп добуш берген жалпы командама, угармандарыма, досторума, туугандарга абдан ыраазымын🙏 добуш берүү учурунда чынында түшүнбөстүктөр абдан көп болду( мунун баарын добуш берүү учурунда жүргөн угармандар жакшы билет, түшүнөт деп ойлойм)! айрым адамдарга таң калдым).... Бирок мунун баарын эски жылга калтырдым, жаңы жылга жаңы дем менен кирели,эч кимге капа болбойун деп чечтим буйруса дагы биз багынчуу ийгиликтер алдыда деп ойлойм! Биз менен ат салышкан кесиптештеримди досторумду чын жүрөктөн куттуктайм баарыңар татыктуусуңар 🙏🏆 Эмки жылдан баштап кудай буйруса Мыкты ырчы деген наамга ат салышпайын деп чечим😊 1- Нурлан эле кечке ала береби, 2-Мунун сыйлыктары толуп кеттиго, 3-башкаларга дагы бергиле да деген сөздөр үчүн, бул сөздөрдү өзүм туура көрүп эмки жылдан баштап катышпайын деп чечтим!🙅башка кесиптештерим алсын! Ошол достор 😎 мынча узун пост жазбачу элем туура түшүнөсүздөр деп ойлойм 🙏 Сиздерди терең урматтап анча мынча сиздерге эркелеп койгон Уулуңуздар Нурлан Насип 🤓
Загрузка...
28373   3948
13.11.2019 Bishkek, Kyrgyzstan
#repost @super.kg_official ・・・ Ырчы Нурлан Насиптин эжеси Элзада Насипбекова жаңы ыр жаздырып, кечээ туугандарынын тоюнда ырдап чыкты. Көп жыл ойлонуп жүрүп эжеси эми ырдоо чечимине келгендиги тууралуу ырчы мырза SUPER.KG порталына билдирди. . "Эжем бала кезинен эле мектеп, район аралык музыкалык сынактарга катышып жүргөн. Музыкалык окуу жайга тапшырам деген планы ишке ашпай, башка кесипти окуп калды. Андан кийин турмушка чыкты, үй-бүлөсү менен алек болду. Жолдошу каза болгондон кийин такыр эле ырдабай калган. Эжемдин буулугуп жүргөнүн байкап, атам, апам баш болуп, баарыбыз жаңы ыр жаздырууга көндүрдүк. Өзү да кызыгып, акыркы кезде аябай ырдагысы келип жүргөн. Кечээ туугандардын тоюнда эжем биринчи жолу жаңы ырын аткарып, сонун комплименттерди укту. Үй-бүлөбүз менен эжемдин ырдап баштаганына кубанып жатабыз. Мындай болушун билгенде мурда эле баштасак болмок экен (күлүп). Буюрса, эжемдин чыгармачылыгын бардык тараптан колдоп беребиз", - дейт Нурлан.