30471
16.12.2019
Bishkek, Kyrgyzstan
Быйыл дагы кудайга шүгүр жемиштүү жылдардан болду 🙏 Музыка каналында бир эмес 4-Номинацияда атсалышып жатканым эле бул чон жетишкендик деп билем 🙏
Жылдын мыкты ыры « Мадам» аталды 🏆
Жылдын мыкты композитору деген сыйлуу наам алдым 🏆
Мени колдоп добуш берген жалпы командама, угармандарыма, досторума, туугандарга абдан ыраазымын🙏 добуш берүү учурунда чынында түшүнбөстүктөр абдан көп болду( мунун баарын добуш берүү учурунда жүргөн угармандар жакшы билет, түшүнөт деп ойлойм)! айрым адамдарга таң калдым).... Бирок мунун баарын эски жылга калтырдым, жаңы жылга жаңы дем менен кирели,эч кимге капа болбойун деп чечтим буйруса дагы биз багынчуу ийгиликтер алдыда деп ойлойм! Биз менен ат салышкан кесиптештеримди досторумду чын жүрөктөн куттуктайм баарыңар татыктуусуңар 🙏🏆 Эмки жылдан баштап кудай буйруса Мыкты ырчы деген наамга ат салышпайын деп чечим😊 1- Нурлан эле кечке ала береби, 2-Мунун сыйлыктары толуп кеттиго, 3-башкаларга дагы бергиле да деген сөздөр үчүн, бул сөздөрдү өзүм туура көрүп эмки жылдан баштап катышпайын деп чечтим!🙅башка кесиптештерим алсын! Ошол достор 😎 мынча узун пост жазбачу элем туура түшүнөсүздөр деп ойлойм 🙏 Сиздерди терең урматтап анча мынча сиздерге эркелеп койгон Уулуңуздар Нурлан Насип 🤓