Нурзат Токтосунова
@nurzat_toktosunova
Нурзат Токтосунова

Подписчики: 1197124
Посты: 5178
Подписки: 83
👏Награждена Почетной Грамотой КР 🥇Отличник культуры КР 🏫Основатель NUR академии 🌎Тренер, блоггер, influencer "🎙Ведущая #eventplanner 0706 99 90 19
https://taplink.cc/nurzat_toktosunova
Загрузка...
Слабонервным нельзя 🙅🏿 Коркоктор коргонго болбойт⬇️

Загрузка...
6950   148
30.06.2020
ЭМНЕ ҮЧҮН ӨЗҮҢДҮ - ӨЗҮҢ ӨНҮКТҮРҮП ТУРУШУҢ КЕРЕК? Мындай деп айтылган сөз бар: «Эгерде жумуртканы сырткы күч сындырса, анда жашоо бүтөт. Ички күч тарабынан сынса, жашоо башталат. Жакшы нерселер ар дайым ичтен башталат». Ушул жумурткалар сыяктуу эле, сиз да күн сайын ар кандай сырткы кыйынчылыктарга кабыласыз, же ички дүйнөңүздү өзгөртүп жана өнүктүрүп турсаңыз – жаңы жашоого баштайсыз. Күн Сайын Өзүңүздү Өнүктүрүп Туруунун Маанилүү 7 Жолу : 1. Сиздин ийгиликтериңиз үчүн эч ким жоопкерчиликтүү эмес Жашоодо каалаган нерселериңизди сизге эч ким орундатып бербейт. Мисалы, эгер сиз арыктагыңыз келсе, анда спорт менен машыгышыңыз, чуркашыңыз жана диета кармашыңыз керек болот. Ийгиликтериңиз үчүн бир гана жооптуу адам – бул СИЗ. 2. Жакшыруунун бирден-бир жолу – ар дайым өзүн-өзү өнүктурүп туруу Ийгиликке жеткен адамдар кокусунан эле ийгиликтүү боло калышпайт. Алар талыкпаган аракеттеринен жана башынан өткөргөн көптөгөн кыйынчылыктарынан улам ийгиликке жетишишет. Эгерде алдыга жылууну кааласаңыз, билимиңизди өркүндөтүп, квалификацияңызды жогорулатып, ЖАҢЫ жөндөмдүүлүктөрдү үйрөнүүгө аракет кылышыңыз керек. Мисалы, англис тилин үйрөнүңүз. Өз алдынча проблеманы чече билүү (problem solving), эл алдында өз ой-пикириңизди эркин айта билүү (public speaking), эмоционалдык интеллектуалдуулук (emotional intelligence), жана сын-пикир менен ой жүгүртө билүү (critical thinking) сыяктуу азыркы учурдун популярдуу жөндөмдүүлүктөрүн үйрөнсөнүз оң болот. Уландысы комментарийде ⬇️
1136   66
29.06.2020
ДУШМАН – СТИМУЛ “Өзүӊө каалабаганды, бөлөккө да каалаба”,- деген сөз бар. Албетте баарыбыздын өз деӊгээлибизде душманыбыз болот. Бул табигый көрүнүш. Маселе сиз душман болбоӊуз, өзүӊүзгө каалабаган жамандыкты башкага каалабаӊыз. Бул кадам бизди көрө албаган, бизди сындаган, бизге жамандык жасаган адамдарга болгон көз карашты өзгөртүүгө арналат. Жаман мүнөз адамдардан келген энергияны өзүӊүздүн акыл казаныӊызга салып, иштетип туруп өзүӊүздүн өнүгүү жолуӊузга болуп көрбөгөндөй жагымдуу стимул кылып алууга болот. Душмандарыӊыз сөзсүз сиздин кемчилдигиӊизди сөз кылат биринчи, алгач ошол кемчилдиктер менен курөшүӊүз. Кийин алар сиздин жакшы сапаттарыӊызды да жаман деп атай башташат, каралашат. Ал учурда сиз алардан алда канча бийик экениӊизди билип сүйүнүп коюӊуз. Себеби жашоосу кызыктуу адам бирөөнү сындабайт, бирөөнүн кемчилигин сүйлөгөнгө убактысы жок. Кудум азыркы экөөбүз сыяктуу. Негизинде сиз жашоодо жеӊе турган бир кокунучтуу душман бар. Ал сизсиз! Калган душмандар маселе эмес. Бирок сиз мага азыр толук түшүнө албай жатканыӊыз үчүн бир окуяны мисал тартайын. Бир диндар адам айыл- айылдарды кыдырып, адамдарды жакшылык кылып, Кудайга кайтууга үндөп жүрөт. Аны уккан ошол айылдын жашоочусу диндар адамга келип аябай жаман, акаарат сөздөрүн айтат. Элдин башын айлантып жатасыӊ деген өӊүттө сөз айтып, түрткүлөп кууйт. Баягы диндар маӊдайында сөгүнүп аткан немени угуп туруп, - Айтып бүттүӊүзбү,- деп сурайт. Тиги, - ооба, дейт. Диндар унчукпастан басып кетип калат. Аны көргөн тиги неменин ичине от түшүп, үйүндө түнү менен ойлонуп, эртеси кайра диндар адамга келет. Бирок ал жолу кечирим сурайт. Колуна гүл берет. – Сен чын эле Кудайга берилген адам экенсиӊ, мен сага жаман сөз айттым, кечээ. Мени кечир,- дейт. Диндар адаттагыдай айтып бүттүӊбү,- деп сурайт да басып кетет. Ошондо эч бир сөзү мааниге турбай калган тиги адам кыйкырып жиберет. – Эй, мен кечээ сөктүм унчукпадын, бүгүн кечирим сурадым унчукпадыӊ!- деп. Анда диндар жай гана бурулат да, - Кул адам гана кожоюндун маанайына жараша абалын өзгөртөт. Мага сенин маанайыӊдын кандай зарылдыгы бар? Себеби мен сенин эмес, бир Кудайдын кулумун!- деп жылмаят.
3974   116
29.06.2020
Мен өзгөчө аялдардын билимдүү болуусу канчалык маанилүү экенин баса белгилегим келет. Жогоруда айтылгандай, билимдүү, тарбиялуу жана ыймандуу жаштар өлкөнүн келечеги. Бирок аларды мына ошондой мыкты деңгээлде ким тарбиялайт? Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, баланын тарбиясы 70% энеден көз каранды. Демек, келечекте сапаттуу муунду тарбиялай турган кыздарыбыздын сапаттуу билим алышына бүгүн шарт түзүп беришибиз керек. Тилекке каршы, учурда биз келечегибизди ойлобой жатабыз. Буга калыптанып калган эски көз караш таасир этүүдө. “Кыздын барар жери күйөө” деп, алардын билим алуусуна каршылык көрсөтүп, эптеп окууну бүтсө эле, турмушка узатып жиберүүгө шашабыз. Жыйынтыгында, улан-кыздар үй-бүлөнүн ыйыктыгын, турмуштун өйдө-ылдыйын жакшы түшүнө элек, моралдык жактан жетиле элек кезинде түтүн булатып калып жатышат. Мындайда финансылык жетишпестиктер жаралат. Ошентип, учурда турмуш кургандардын 70%ы ажырашууда. Бул нерседен кыздар жана наристелер көп запкы чегет. Эркектер көп учурда үй-бүлөсүн таштай качып кутулат. Эгерде келечектеги энелерге, тактап айтканда, азыркы кыздарыбызга сапаттуу билим берсек, мына ушундай бир топ көйгөйлөрдөн заматта кутулабыз. Үй-бүлөлөр сапаттуу жана бекем болот. Ал эми мындай үй-бүлө тарбиялуу, ыймандуу жана билимдүү жаңы муунду тарбиялай алат. Учурда бала тарбиялоодо бир топ кемчиликтер бар. Азыр балдарды тарбиялоодон мурда ата-энелерди тарбиялоо керек болуп турат. Себеби, турмуштун айынан көп ата-энелер балдарына тарбия бермек турсун жетишерлик көңүл бурбай калды. Ата-энелер көп учурда балдарыбыз бизди укпайт деп арызданышат. Мунун себеби эң жөнөкөй: ата-эне балага үлгү боло албай калды. Мындан улам, алардын айтканы бала үчүн таасирин жоготту. Балдар чындыгында өзүнө ишенген, ийгиликтүү, тарбиялуу, айткан сөзү жасаган иши менен дал келген адамдарды үлгү тутуп, ошолорду угат. Англичаниндер: “Балаңды тарбиялабай эле кой. Ал ансыз да сени тартат. Андан көрө, сен өзүңдү тарбияла” дешет. Демек, ата-эне баласынын тил алышын кааласа, баарынан мурда өз баласы үчүн үлгү боло алышы керек. Биз ата-эне катары эч нерсе билбей же балдарга терс өрнөк берип турсак, алар бизди кайдан уксун? Almaz Arapov
6486   83
28.06.2020
Өзүн сыйлаган адам убадага турат. Убадага турган адам чөйрөдө кадыр барк күтөт. Кадыр баркы бар адам дагы ийгиликке тез жетет. Бүгүн жаныӊыздагы же алыстагы жок дегенде бир же ондон көп таанышыӊызга чын жүрөктөн жакшы сөз айтыӊыз. Кат жазыӊыз. Смс жөнөтүӊүз. Жакшы көрөөрүӊүздү, ал сиз үчүн башкача орунда тураарын же мурун кылып алган бир катаӊызды кечирүүсүн суранып айтор жакшы сөз айтып бирөөнүн көӊүлүн алыӊыз. Бул күн КӨⱧҮЛ бурдуруу күнү. Башкаларга өзүӊүздү эстетүү күнү! Биз ар дайым эле жакшы өз айта бербейбиз. Тескерисинче бул коом нааразылык пикирлерге, көӊүл калтырган сөздөргө, муздак мамилелерге толгон. Бирок адам баласын биз гүл деп элестетсек, гүл суусуз жашай албайт. Адам баласынын өсүшүнө куюлган суу- бул ЖАКШЫ СӨЗ, ЖАКШЫ МАМИЛЕ. Билем, сиз да мен сыяктуу жакшы сөз уксаӊыз толкунданасыз. Жашагыӊыз келет. Андыктан ошол жакшы нерсени өзүӊүз баштаӊыз. Эч качан жылуу сөз айта албаган он таанышыӊызга жакшы сөз жөнөтүӊүз. Телефон чалып жакшы сапаттарын, ал сизге өтө керек адам экенин айтыӊыз. Сөзсүз жок дегенде бирөө кайра сизге кат жолдойт, жакшы сөз айтат. Анан өзүӊүз да сүйүнүп каласыз. Муну адат кылыӊыз. @nur_academy максаты- адамды жакшылыктар топтолгон энергия булагына айлантуу жана ошол энергияны башкаларга бөлүшүүнү үйрөттүү. Баарын өзүбүздөн баштайбыз. “Жардамга муктаж болбош үчүн, бирөөгө жардам бер”,- деген кызык сөз бар. Ошондой эле жакшы ишиӊиз да, жаман ишиӊиз да дубалга урулган топ сыяктуу. Сиз адамдарга эмнени айтсаӊыз өзүӊүз да ошону угасыз. Тегерегибизде адамдын көӊүлүн калтырууга, сын айтууга өтө чебер адамдар көп. Болгону алардын бир күнү көӊүлүн калтырып, сын сөзүн айткан душмандары бет алдына чыгат. Ал учурда сиз экөөбүздү сүйүнтүүгө аракет кылган көп достор курчап турган болот. Себеби бүгүн биз бир гана жакшы сүйлөөнү, колдон келишинче жолдон жолуккан ар бир адамга жакшы мамиле жайылтууну баштадык. “Бирөөгө жасалган жакшылык же жамандык- эртеӊ өзүбүз туш боло турганын унутпайлы. Онлайн окуу жаңы группа бүгүн башталат, каалоочуларды күтөбүз 0558551558вотс ап.