Нурзат Токтосунова
@nurzat_toktosunova
Нурзат Токтосунова

Подписчики: 1197124
Посты: 5178
Подписки: 83
👏Награждена Почетной Грамотой КР 🥇Отличник культуры КР 🏫Основатель NUR академии 🌎Тренер, блоггер, influencer "🎙Ведущая #eventplanner 0706 99 90 19
https://taplink.cc/nurzat_toktosunova


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3392   441
02.01.2020
@radio_maral 2020-жылдын 1-январынан тарта Өзбекстанда үлпөт тою жана башка салтанаттарды өткөрүүгө чектөө койгон мыйзам күчүнө кирди. Аталган документ 2019-жылдын сентябрь айында кабыл алынган болчу. Токтомго ылайык, мындан ары үй-бүлөлүк аземдер 1 күн ичинде (саат 06:00дөн 23:00гө чейин) гана өткөрүлмөкчү (коштошуу зыйнатын кошпогондо). Үлпөт тойду өткөрүү үчүн 1 жума мурда жергиликтүү бийликти кабардар кылуу зарыл. Андан сырткары, коштошуу зыйнатындагы (жети күндүк, бейшембилик, кыркы, ак кийди, жылдык) жана үлпөт тойдогу (ата көрдү, сеп жыйды, куда тосмой, келин көрмөй сыяктуу) кошумча иш-чараларга тыюу салынды. Мыйзам боюнча, той 23:00 чейин аякташы керек. Жана ага эң көп 200дөй адам катышса болот. Тойдогу кортежге 3 гана унаа чыга алат. Талаптардын аткарылышы депутаттар, жергиликтүү кеңеш жана ИИМ кызматкерлери тарабынан көзөмөлгө алынат. ____ Сиздин оюнуз кандай? Бизде да ушул мыйзам иштээр беле?
Загрузка...
5974   378   90002
20.04.2020
Онлайн окуулар уланууда. Убагында окубай калгам деген шылтоо жок🤪Уйдо жон отурбай эми окуңуз! Ушул айга 1600 сом! Онлайн окуу учун 0558 551 558 вотс апка жазыныз же 0555088559❤️ 1 айга 25 сабак алып, мээге инвестиция жасаңыз! — -эмнеден баштоону билбей турсаң -таарынчаак болсоң -жашоодон тажасаң -ар- кайсыны ойлоно берсең -өзүнө ишенген адам болгуң келсе, -жашооң өзгөрүүсүн кааласаң, -бирөөлөрдүн жанында кызарып, үнүн чыкпай калса -эгер каалаган учурда оюңду так айткың келсе, -тост сүйлөөдөн тартынсаң, -жашыңыз улуу болсо, -сөз байлыкты көбөйткүңүз келсе, -алыс жерде жүрсөнүз, анда ДАРОО БИЗГЕ ЖАЗЫҢЫЗ! ——— 0558 551 558 вотс ап ОНЛАЙН ОКУУ! Жумасына 6 жолу аудио жана видео сабактар келет. Бошогондо ачып көрөсүз жана угасыз. Жолтоо болбойт. Ораторлук чеберчилик, психология жана инсандык өнүгүү. Адамды өзгөртүүчү жакшы сабактар келет. 😍!@nur_academy 🧚‍♀️. @oratorskoe_masterstvo_nur
13859   368
28.02.2020
Адамдын ички жан дүйнѳсү жараткандын бир мээрими менен толгон кезде ал деңиз ѳңдүү мелмилдей түшѳт экен. Деңиз ар дайым ички майда толкундарды жутуп, сыртынан эч нерсе болбогондой мелмилдеп турган сыяктуу сезилет мага. Жайма- жай, толкунсуз, тып- тынч этек- жеңи жайылып… Анын эң зор күчү да ушундадыр. Изденүү мага ошол деңиздин ички абалын таанытты. Мурун адамдардан качып, кайра адамдардын колтугуна жашынган болсом, азыр адамдар тургай ѳзүмдѳн качкан кезде, бир улуу күчтүн деңизине бой урам. Ошол деңиздин тереңдеген сайын, тереңдигине кѳз жетпеген чексиздигинен, узарган сайын уланып бүтпѳгѳн кенендигинен мен ѳтѳ кѳп суроого жооп алдым. Адамдардан алган жараатыма дары таптым. Анан ѳзүм да деңиз сыяктуу кеңейип, тереңдей түшкѳндѳй болдум. Бул изденүү мага олжолуу болду. Мен деңиз болууну үйрѳндүм. АКЫЛДУУ СѲЗ: Канчалык артты кѳрѳ алсаңыз, ошончолук алдыны кѳрѳ аласыз. (Мүмин Секман) Ж.Ж.