Нурзат Токтосунова
@nurzat_toktosunova
Нурзат Токтосунова

Подписчики: 1197124
Посты: 5178
Подписки: 83
👏Награждена Почетной Грамотой КР 🥇Отличник культуры КР 🏫Основатель NUR академии 🌎Тренер, блоггер, influencer "🎙Ведущая #eventplanner 0706 99 90 19
https://taplink.cc/nurzat_toktosunova


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
2868   118   43208
28.04.2020
🌺 Онлайн окуулар уланууда. Убагында окубай калгам деген шылтоо жок🤪Уйдо жон отурбай эми окуңуз! Ушул айга 1600 сом! Онлайн окуу учун 0558 551 558 вотс апка жазыныз же 0555088559❤️ 1 айга 25 сабак алып, мээге инвестиция жасаңыз! — -эмнеден баштоону билбей турсаң -таарынчаак болсоң -жашоодон тажасаң -ар- кайсыны ойлоно берсең -өзүнө ишенген адам болгуң келсе, -жашооң өзгөрүүсүн кааласаң, -бирөөлөрдүн жанында кызарып, үнүн чыкпай калса -эгер каалаган учурда оюңду так айткың келсе, -тост сүйлөөдөн тартынсаң, -жашыңыз улуу болсо, -сөз байлыкты көбөйткүңүз келсе, -алыс жерде жүрсөнүз, анда ДАРОО БИЗГЕ ЖАЗЫҢЫЗ! ——— 0558 551 558 вотс ап ОНЛАЙН ОКУУ! Жумасына 6 жолу аудио жана видео сабактар келет. Бошогондо ачып көрөсүз жана угасыз. Жолтоо болбойт. Ораторлук чеберчилик, психология жана инсандык өнүгүү. Адамды өзгөртүүчү жакшы сабактар келет. 😍!@nur_academy 🧚‍♀️. @oratorskoe_masterstvo_nur
3974   116
29.06.2020
Мен өзгөчө аялдардын билимдүү болуусу канчалык маанилүү экенин баса белгилегим келет. Жогоруда айтылгандай, билимдүү, тарбиялуу жана ыймандуу жаштар өлкөнүн келечеги. Бирок аларды мына ошондой мыкты деңгээлде ким тарбиялайт? Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, баланын тарбиясы 70% энеден көз каранды. Демек, келечекте сапаттуу муунду тарбиялай турган кыздарыбыздын сапаттуу билим алышына бүгүн шарт түзүп беришибиз керек. Тилекке каршы, учурда биз келечегибизди ойлобой жатабыз. Буга калыптанып калган эски көз караш таасир этүүдө. “Кыздын барар жери күйөө” деп, алардын билим алуусуна каршылык көрсөтүп, эптеп окууну бүтсө эле, турмушка узатып жиберүүгө шашабыз. Жыйынтыгында, улан-кыздар үй-бүлөнүн ыйыктыгын, турмуштун өйдө-ылдыйын жакшы түшүнө элек, моралдык жактан жетиле элек кезинде түтүн булатып калып жатышат. Мындайда финансылык жетишпестиктер жаралат. Ошентип, учурда турмуш кургандардын 70%ы ажырашууда. Бул нерседен кыздар жана наристелер көп запкы чегет. Эркектер көп учурда үй-бүлөсүн таштай качып кутулат. Эгерде келечектеги энелерге, тактап айтканда, азыркы кыздарыбызга сапаттуу билим берсек, мына ушундай бир топ көйгөйлөрдөн заматта кутулабыз. Үй-бүлөлөр сапаттуу жана бекем болот. Ал эми мындай үй-бүлө тарбиялуу, ыймандуу жана билимдүү жаңы муунду тарбиялай алат. Учурда бала тарбиялоодо бир топ кемчиликтер бар. Азыр балдарды тарбиялоодон мурда ата-энелерди тарбиялоо керек болуп турат. Себеби, турмуштун айынан көп ата-энелер балдарына тарбия бермек турсун жетишерлик көңүл бурбай калды. Ата-энелер көп учурда балдарыбыз бизди укпайт деп арызданышат. Мунун себеби эң жөнөкөй: ата-эне балага үлгү боло албай калды. Мындан улам, алардын айтканы бала үчүн таасирин жоготту. Балдар чындыгында өзүнө ишенген, ийгиликтүү, тарбиялуу, айткан сөзү жасаган иши менен дал келген адамдарды үлгү тутуп, ошолорду угат. Англичаниндер: “Балаңды тарбиялабай эле кой. Ал ансыз да сени тартат. Андан көрө, сен өзүңдү тарбияла” дешет. Демек, ата-эне баласынын тил алышын кааласа, баарынан мурда өз баласы үчүн үлгү боло алышы керек. Биз ата-эне катары эч нерсе билбей же балдарга терс өрнөк берип турсак, алар бизди кайдан уксун? Almaz Arapov