Нурзат Токтосунова
@nurzat_toktosunova
Нурзат Токтосунова

Подписчики: 1197124
Посты: 5178
Подписки: 83
👏Награждена Почетной Грамотой КР 🥇Отличник культуры КР 🏫Основатель NUR академии 🌎Тренер, блоггер, influencer "🎙Ведущая #eventplanner 0706 99 90 19
https://taplink.cc/nurzat_toktosunova


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
1655   0   24733
04.03.2020
Ар элдин, улуттун басып өткөн тарыхый жолу бар. Анын келечеги өткөнү менен киндиктеш. Кыргыздар жөн гана байыркы эл эместигин мезгил көрсөттү. Бүтүндөй оомалуу-төкмөлүү жашоосунда кыргыз эли бирде бийиктеп, ааламга даңкы тарап, түптөгөн Каганаты, Улуу Дөөлөтү менен коңшу элдерди суктандырса, бирде пастап, көз каранды турмуш сүрүүгө аргасыз болгон күндөрдү да башынан өткөрүп келген. Ошондой кыйчалыш кырдаалдарда улуттун уюткусун жоготпой, кайрадан баш көтөрүп, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, элге азаттык алып келген, Мекенди баскынчылардан бошоткон, элдин башын кошуп мамлекетти түптөгөн кыргыздын не бир асыл жандары карт тарыхыбызда өчпөс жылдыздардай орун алып келет. Алардын кылган кызматы, түптөп кеткен нарк-дөөлөттөрү, калтырып кеткен акыл-казынасы болбосо, бүгүн биз эркин эл болуп, эгемен мамлекетте жашайт белек, ким билет… Кыргыздын көсөмдөрү, эрлери, бийлери (баардык эле бийлер эмес) жоктон бар кылып, элдин биримдигин, Мекендин бүтүндүгүн бизге мурастап калтырышса, бүгүн биз бар байлыкты курутуп, элдин биримдигине бүлүк салып, Мекенибизди четинен кертип кемите баштадык. Бабаларыбыздын эмгегин баалабадык.., биздин азаттыгыбыз үчүн курмандыкка чалынган кырчын өмүрлөрдүн баасын билбедик.., эмне болуп баратабыз,.. аттиӊ, арман!.. Учурунда жанган жылдыздай элге жарык чачкан көсөмдөрүбүздүн, эрлерибиздин (баатырдын баары эле эр болбойт), бийлерибиздин тарыхый ордун жана алардын баасын аныктай алдыкпы?! Жакшы тилек жарым ырыс. Китепке, тарыхка көңүл буралы. Элдин тилегинен өткөн күч болбойт. Элдин биримдигинен жана Мекендин бүтүндүгүнөн өткөн байлык жок. М. Мураталиев