12180
18.12.2019
Убакыт эч кимди аябастан, учкан куштай өтө берет экен. Бир көз ирмемге тете өмүрүбүздө, жакын адамдарыбыз менен таарынышып, бизге жакпай турган нерселерге коз жумуп келе беребиз.
Бирок, теренирээк ойлонсок Жараткандын бизге өлчөп берген саналуу убактысын эмнегедир жагымсыз нерселерге коротуп, көңүлүбүз чөгүп жашай беребиз)
Күнүмдүк жашоонун агымы менен бул нерселер эсибизден чыгып калат.
Бугун сиздерге сунушум, кылчайып артты карап, ар бир өткөн окуяга, адамдарга, өзүңүзгө ыраазычылык билдирип, азыркы акыбалынызга терең шүгүр кылып, алдыны карап, жакшы тилектеринизди коюп, кыялыңыздагы жашоого жетүүгө кам көрө баштаңыз 🙏🏻 Кундо болбосо да, кээде ушул нерселерди ойлонуп туруу, ар дайым биздин жашообузду бактылуу кылганга туртку берет деп ишенем.
⠀
Ар бириниздердин журогунуздорго тынчтык жана бакыт каалайм.