24155 201
02.05.2020
«Апа» деген уч тамгада, кандай гана терең сүйүү, адамзатындагы болгон бийик сапаттар камтылган.
⠀
Бул дүйнөдөгү эң сулуу, эң назик, эң күчтүү адамдар - бул апалар болсо керек.
⠀
Кандай гана болбосун, өзүнүн чүрпөсүн көкөлөп, эч ким ишенбей турганда, ишенип, канча ката кетирсек да, жаңылсак да, балам менин деп, бизге мээримин, сүйүүсүн арнаган апалар бар болсун🙏🏼
⠀
Бул дүйнөдө апанын сүйүүсүндөй аруу сезим жок.
Алдына ыйлап келсем да, жыргап келсем да, кайгым менен кубанычымды тең бөлүшүп, жылуу кучагына кысып, бүт дүйнөдөгү кыйынчылыктарды унуттурган апаларыбыз аман болсун❤️
⠀
Апа, мен сизди жакшы көрөм ......