Bishkek, Kyrgyzstan
Баарынын бир уюлу. Ал адам жабыгындагы аяр дем БАТА. Байыркылар батанын ушул улуу күчүн билген, ага ишенген, зарылган, сабылган. Жер-асманды уюткан Алтын Түркүктөй ага бек таянган. Ошон үчүн аавал замандан батанын ээсин-калк дааналарын, касиеттүү карыларын, нускалуу билгилерин ыйыктап, жолун кыя кеспеген. Ысымдарын бийик ызааттап, коңур, басмырт айткан. Батасыз эр эгерим жарыбайт..Кармаган орозонуздар кабыл болсун,дениниздерге соолук берсин жараткан 🙏☀️Элибиз аман,журтубузга тынчылык берсин 🙏☀️