Salamat Sadykova
@salamatsadykova
Salamat Sadykova

Подписчики: 133545
Посты: 5187
Подписки: 4918
The Voice and Diva of Kyrgyzstan🇰🇬 Honored Artist of Kazakhstan🇰🇿 Жаңы клип 👇
https://youtu.be/fUoskkvImlI
Загрузка...
Энекем Мария асыл энем жарык дуйнонун ырахатын корбой кеттиниз...Сизди ажал мен сегиз жашымда акыретке алып кетти...Менин энем макалдатып суйлогон чачы согончогуна тушкон,мурду кырдач,бетинде калы бар коздорунуз карагаттай ашкере сулуу бойдон коз алдымда элестеп турасыз! Ийне кармап жибин саптап сайманын турун сайар элениз,курактарды кураган,чебер бычмачы чапандан бери тигип салган иштуу жан элениз! Менин кулагымда сиздин торкундорунузду сагынган создорунуз жанырып келет...Ош Мады,Алай,Гулчо,-деген создорду коп айтчусуз...Эми тагдыр деген татаал жолдо мен зирек,чыйрак,чыдамкайлыгымдан сизден кийин томолой калган кундон ичимдеги кудуреттуу куч менен суйлошуп сырдашып журуп жетилдим,остум багымды да куттурбой кудайымдын парманасы менен эртелеп Аял Эне деген даражага да эгедер болдум! Жаратканга чексиз шугур топурагы касиеттуу элдин келини мыкты азаматтын суйгон жары болдум! Эки кыздан сыйга тунуп,бакыттын бар кызыгын,тируунун козу корор ырыскы доолоттуу кыргыз деген улуу элдин кызымын! Неберелеримдин бал тилинен балкып турган чактамын тобо шугур. Кыздарыма бар тапканымды аянбастан остурдум,эл катары карыны ток усту бутун осушту,заманына шай акыл эстуу,куйумдуу жароокер жар болушту,кыздарымдын оз казаны озундо майлуу жайлуу конуштары,пейилдери бершен энелерден болгонуна кубанам.Мен алардан билбегенимди билбеймин деп керек болсо тажрыйба болшуп,курбу сымал сабак алып,менден да зирек,менден да сарамжал,ак конул асылкеч билими жетик уйлорундо шам болуп,бала тарбиялап жаткандарынан жашарамын,санаам жайлуу конулум назик бойдон тан тосуп,бакыттын кемесинде бакыттын ырын ырдап келемин! Эне болуу зор бакыт! Кабырыныз жарык болсун жаным Энем! Кайсыл бир куну ичер суум буткондо,кыздарымдан конулум тынч,эч армансыз сизге барар жолугар кунго да ыйманымда акылымдан адаштырбай суналармын! Ааламдын жарыгы да кызыгын корсоткон асылзат Энелерге таазим!

Загрузка...