353   
                                              
            
            
            	
            
            
            
            
            
            28.10.2019
			
            	 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
            
            
            
			Кутман тан дуйно! Good morning !
Мүнүшкөргө куш жакшы.
Тил албаган жаманга,
Акыл сөздөн муш жакшы.
Бул жалганда нур жакшы,
Булбулдарга гүл жакшы.
Муңдуунун черин жазууга,
Булбул күбө тил жакшы.
Алыска сапар жол жүрсөң,
Аземдүү жорго ат жакшы.
Окусаң илим үйрөнүп,
Орундуу жазган кат жакшы.
Сараңдардын миңинен
Жалгыз да болсо март жакшы.
Пайдасы жок туугандан,
Мамилелүү сарт жакшы.
Медери жок туугандан,
Бек кармашкан жат жакшы.#goodmorning #günaydınmesajları #кутмантан