Salamat Sadykova
@salamatsadykova
Salamat Sadykova

Подписчики: 133545
Посты: 5187
Подписки: 4918
The Voice and Diva of Kyrgyzstan🇰🇬 Honored Artist of Kazakhstan🇰🇿 Жаңы клип 👇
https://youtu.be/fUoskkvImlI


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
418   18
14.05.2020
Кайырлуу кун калын журт! Акылман бабам Бакайды айт. Токтогулдай ырчыны айт.Кош канаттуу тулпарды айт,Болуп откон тарыхты айт,Жалганды айтпай чындакты айт,Калкты бузган аксымды айт..Акылмандын сырын айт. Акындардын ырын айт!- деген сынарындай,кундорду тунго алмашкан таажылуу тажаалдын сыноолуу айларында артка калтырып буйруса,алдыбызда жарыгын чачкан,жарпыбызды жазаар,сагынычтуу жашыл жайлоолордон,тунук аккан дарыя жээктеп,булактын суусун ичсек бээнин саамалынан жутуп омурду узартуга насип этсин деген тилегим бар. Ар бир уйго амандык тилеймин! Кундорду кандай откоруп жатканыныздар мага кызык?? Албетте казан аяк курсак жонундо эмес, жаныча жашоого алдыда кандай кундор кутуп жатканын ой салабыз,ошол учурда бугункудой ааламдашкан кол жетимдуу интернет желесиндеги руханий казынанын,илимденууго ынгайлашкан тренинг сабактардан баштап,бир топ акындарды таанып ырларын,жазган чыгармаларынан жаныма сеп,азык таап конулумду агартуу менен Мен озум ырахаттанып пайдалуу откоруп жатамын! Ракмат ушул кундорумо ыраазымын,алкыштарым чексиз! ,Светкали айтман акынга,Аль Фараби бабамдын "Кайырымды каласына" жаш калемгерлер: Калкаман,Акберендерди тааныганыма ,калкына баасыз кайратын,акыл эмгегин безенип сайрап заманбап сабактарын отуп жаткан Акметбек Нурсилага! Кун сайын ютубдагы бекер сабактардан агарып,кокурокту тазартуга, акыл ойумду байытып жатамын! Менде ушундай жанылыктар достор,анын арасында инста дуйнодогу,фейсбуктагы тереземден,баш аягы 10-жолку туз эфиримден бир жарым,эки сааттык жандуу концерттеримди жасадым. Амандык болсун асыл замандаштарым,ажайып сулуу дуйного суктаналы,сырдашалы! #тарыхболоттурбайбы #омурдегенажайып #акжолдордонадашпай #барымдыбагымды_бергенине_раазымын #жараткангачексизалкыш #14.05.2020 #орзонуздар_кабыл_болсун
396   23
13.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Сакта Кудай 🙏☀️ Жарыкта жашап жарыктан,жашырар оюум жок менин «-деген экен илгери акылман.Бугун жоо басып шаардын бир эмес уч башка адрестеги,китеп дукондорго бардым,баарынын эшиктери жабык турат...Ал аз келгенстп,козго эроон корунот экен кочолордон сейрек кана бирди жарым караан корунбосо,адамдардын ушунчалык басынганы байкалат...Ээнсиреген борбордун туш тарабында бир гана формачандар жайнап алда бир жамандыкты андыгандай журоктун ушун алат...Тируулуктун куту уюган куттуу торунду мынчалыка жеткирип бозортпосон экен,уруп чыгар итин жок,сыгып алар битин жок болгондун бетин нары кылсынчы..Аристотель,Сократ,Платон,Аль Фараби-улуу ойчул даанышмандар изилдеген,орто кылымдардагы,гулдогон илим билим,философияга умтулган ,армандаган адамзаттын бугунку урпагы тойгондон топоздонуп,мээримсиз,кайрымсыз рух дуйносунун,жакырчылыка жеткен чегиби,акылдан адашкан азабынын кербези келбетин ,Адам озунду озун тааны дегениби «-деп ичимден жакамды карманып уйго келдим 🙏☀️🇰🇬Эл тамырынан айрылбасын 🙏Созун бар да козун жок»- кыла корбо жараткан 🙏🙏☀️🇰🇬
Загрузка...
393   19
07.05.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Океандай Манасты алмадай башына батырган элдин бугунку кыраандарына жол болсун...Болок элдин алдында башынар биригеби деги...Бугунку кырдаалда Бакайы жок башын бириктирер, ансыз дагы кыр кырга болунгон соомой бирикпей ийнен илинбей,дуйнонун чар тарабында чилдей тарап кеткен кандаштарымдын,Мекенинен мээрим куткон оокат тириликтин айынан сары убайымга кириптер болгон жаш урпактардын эртенкисин муштумдай туйулгон биримдигинерди корсотуп турчу убакта,касапчыга мал кайгы жалпы адамзатка жан кайгысын тушунсонор боло... Эмнеге башынар бирикпейт жыл сайын ызы чуу чыгарганды онокот ооруга айлантып алгандар токтоткулачы... Ааламдагы жер бетин жоолаган жан соолуктун айынан адамзаттын тобоосуна чанырыгын туйбагандай турунор жон эле кутургандык...Барынды барктоонун озу улутунду суйгондук эмеспи!Эр айныса-шум болоорду эл башынан канча иреет откорду...Каккан казыктай болуп казыналуу Эл бололук! Досумдан душманым коп кылган осок (ушак),дедирбей ириксинерби,тордогуну эшике суйробой бириккиле! Бийиктен карап ботон элге кул болбосун балдарыбыз десенер,майдаланбай биринерди биринер итче каап ушактай уболонбой, тоолук элдин кеменгерлигин тутунсанар гана алдыга онугорубуздон умут жанат деп ойлоймун! Мага жеке баарынарды тегиз коромун,текши сыйлаймын,баатыр да бакыл да асыл да Энеден туулган. Опаасыз ушул жалганда пендечиликтерден арылсаныздар жосунсуз жоруктардан оолак болсонуздар экен...Ата бабанын арманы жетпедиби..Бийик нравалык принциптерден адашпайлы .Тар кыя тайгак жолдордон откон тогулгон каны жетерлик тарыхты унутпайлы...Адам ачтан олбойт,ардан олот дечу эле...Сегиз кырлуу бир сырлуу нар тулгасын ээрчигенге уйронолу! Тобур чобурларга тенелсек ар кун сайын бут алдынан чалынса деген пендечиликтерге таарыныч баарыбызда жетишерлик...Озуно озу жоо болгон,озуно озу душман бечаралыктан арылалы кымбаттуу кыраандарым. Андан коро Адал эмгек менен астынарда атынар башынарда багынар гулдосун! 07.05.2020. #ынтымакбаржердеырысбар