Salamat Sadykova
@salamatsadykova
Salamat Sadykova

Подписчики: 133545
Посты: 5187
Подписки: 4918
The Voice and Diva of Kyrgyzstan🇰🇬 Honored Artist of Kazakhstan🇰🇿 Жаңы клип 👇
https://youtu.be/fUoskkvImlI


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
766  
14.01.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
Чычырканак майы косметологияда Бул өсүмдүктүн майы косметологияда да кеңири колдонулат. Мисалы, аны кургак териге колдонушат. Бет терисине арналган кремге бир нече тамчы чычырканак майын аралаштырып, бул аралашманы бетке сыйпоо теринин ашыкча кургактыгынан арылтат. Сына берген тырмакты катырууда да бул май жардамга келет. Ал үчүн майды тырмакка сүртүп, ошол эле учурда ичип туруу зарыл. Косметологдор чачты жуудан эки саат мурун баштын терисине чычырканактын майын сүртүүнү сунушташат. Муну менен чач бекем болуп, мындан сырткары жалтырап, кундуздай көрктүү болуп көрүнөт. Ал эми чач түшүүдө чычырканактын мөмөсүн көбүрөөк жеш керек же бутагынын маңызына чачты жуу керек. Жуугандан кийин чачка майын сүртүү сунуш кылынат. Мындан тышкары, курамындагы Е витамининин эсебинен аялдардын сулуулугуна, жаш көрүнүүсүнө таасирин тийгизет. Cепкилди, тактарды кетирип, бетти агартат. Күнгө күйгөн терини кайра тез калыбына келтирет.
755   16
28.09.2019 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Алтын куздо ааламга келген экенмин! Атам Момун,Энем Мариянын тунук суйуусунон 28.09.1+9+5+6=21.28.09.2019=6+3=9. Сырдуу дуйнонун сырга толгон,оюн кырын,адырында ойноп оскон,табияттын оруктору гул ачкан,тундосу сутак сайраган,кечкисин бакалар чардаган,айлуу тундо чиркейлерден коруган,энем тиккен,пашакананын ичинде жатып,жылдыз аккан,жылдыздарды санап уктаган балалыктан уюган,жомок уккан,очок боюндагы тезек калап,жугору бышырган,арык жээгинде кумдап идиш жууган,анан дарыядан бакан менен суу ташыган балалыктын баёо жылдарыма мин ракмат! 1988-жылдардан бери карай,жараткандын озу жолдоп,улуу Кыргыз Элим колдоп,касиеттуу Комуз менен,чон Маданияттын торундогу,алгачкы сапарым Италия, Туркие,Германия,Жапон,Кытай,Korea, Sori festival, World Masters! USA. Folk production. Америкада,Индия,Оман,Алжир,Катар Organic music ,Кувейт,Дубай,Сейшел аралы,Бангкок Тайвань,Москва,Париж. Cite-De La Music. Japon. Min-Non associations. Тайланд,Самарканд,Алмата,Азербайжан,Казань, курдоолдуу кызыктарга бай,эн сулуу ырыстуу,жагымдуу туйшукторго толгон омур сапарымдын байманалуу багында татына кыздарым менен,канатым жайылган,керегем кемибей,ширин неберелеримдин кулкусуно балкыган,бактылуу Байбиче болуп толуп турган кунго насип эткен,улуу жаратканга мин,мин ,чексиз раазылыктарымды билдиремин! Жашоонун ак карасын тааныткан акыл бердин,куч кайрат,сабыр бердин ,карапайым боорукерлик сулуу муноз жаштыкты бердин,сонун,кайталангыс улуу таланттар менен,катарлаш сахнанын сахнасында оболотуп таншып келдим раазымын!!! Омурубуз отолголуу кундун козун коргон кубаттуу берекеси мол, бакубат болсун!
708   57
03.04.2020 K\u0131rg\u0131zistan Bi\u015fkek
Акыл неге сен келесин кечирээк, Эрте келсен отун куйбой калабы ? Таш бакадай жылбай жетсен тезирээк Жолдо бироо сууга ыргытып салабы? Кун откоруп бекер журбой коноктой, Турмуш анда эрте тапмак айланды??- Чындыгында Адам бечара омурун гулдой,пилдей жайнаган жылдарын жалан кор тириглике убара сарсан,сеники,меники деп журуп откорот турбайбы. Ал эми ашынып бараткандарычы, байлыка кумар атак данк кубалап жасалма бийлик,мансапчыл ,кошоматчы,"жакындасан жабышкан тулку,алыстасан таанымаксан куйтуларчы"-жер бетиндеги Адамзаттын эсиргени биринин этин бири жеп ачкусондордун кесепети,бугун эсинерге келгиле деп эскертуу берип (ТААЖЫГУЛДУ) жибергенин карачы,бул чон сыноодон жер бетин жойлогон сур жылаандын апааттарынан,буткул Адамзатка ыйман бер Жараткан🙏Тоолук Элим Кыргызыма да ырыскы береке ынтымак тилеймин🙏🤲