338
24.12.2019
Bishkek, Kyrgyzstan
Алкыш айта билууго сиз ойлоносузбу??? Мен коп ойлономун ыраазычылык айта билуу биздин башкы парызыбыз экен... Жылдызга-карангы тундо жарыгын чачканы учун! Отко-жылуулугу учун! Сууга тиричиликтин козу болгону учун! Созго жаныбызды жыргатып магдыратканы учун! Энеге- Омур тартуулаганы учун! Жана да башка толуп жаткан адам баласы бул омурго конок экенбиз,демек кеч болуп кала электе ,айланага суктанып,эли жерибизге,тан нурун чачкан Кунго,тунго сулуулука бологон Ай нуруна,жана да башка.... Мен кечээ Эйр Астана аркылуу булуттардын устундо жети жарым саат учуп келе жаттым,Казак элиндеги улуулука дагы бир жолу таазим кылып,жолумду арбытуу учун,аба кемесинин ичинде коздорумо жаш толуп негедир кинону коргончо ыйлап аттым,капаланып эмес, кооп жакшылыктарга ыраазы болуп бакытыма,козум коруп туйган тируулуктун сый сыпаттарына негедир толкуп,»Ан Ага»-деген фильмин коруп олтурдум. Шамши Калдаяковдун ар бир обону кайрыктары жанынды арбап,конулунду сергитип кыялынды жашартып жиберет.Бирок ушул кишинин да тируусундо коп иреет сынганын,тагдыры татаал болуп мунга толгон оор тагдырын билчу эмесмин...Ушул кинону тарткандарга алкыш айтамын! Элибизде эстээрин барбы,издеерин барбы деген кеп бар,козу откондо кийинки урпактарга сабак болчудай терен,жылуу таасирлуу кино тартылыптыр. Бар болгула казактарым! Олбостуко айланган орноктуу омур суруу ар кимге бурулбас касиеттуу шыбага деп билемин!