Страна Любви и Счастья
Кутман күн,жакшыларым!🙋
Келгиле, бактылуулук жөнүндө сүйлөшөбүз?! 🤗
Мен өзүмдү абдан бактылуу адам деп эсептейм. Анткени ата-энем,бир туугандарым баарысы түгөл, аман-эсен♥️
Мени сүйгөн, колдогон,камкор жолдошум, иштен келгенде апа деп чуркап чыгып,кучактап тосуп алган балдарым бар. 👨👩👧👧
Деним сак,алты саным аман 🙌
Иштеген ишимди сүйөм. Жашаган жеримди,мекенимди сүйөм. Биз жашаган жер- Бейиш 🇰🇬 Тоо десең тоосу, көл десең көлү бар. Жаратканыма ыраазычылык айтып,шүгүр кылам🙏
А сиз,бактылуусузбу? Бактылуулук сиз үчүн эмне? Ой бөлүшүңүз 💬