Жашообузда жакшы адамдар көп болгондо жашоо нугу түп башкача болмок,
”беш кол тең эмес “,”дүйнөдө адам деген толтура адам болуп жашагандар аз санда “-дегендей,адамдар арасында жакшы болуп,жакшынын асылы болуп жашаган инсандар эсептелүү десек да болот. Ким жакшы болгусу келбейт? “Жакшы болуу аста -аста,жаман болуу бир паста “. Эгер билсеңиз жакшы адамдын атын уксаңыз көргүңүз келет,жанына барсаңыз аны менен көп -көп маектешип, акыл кеңештерин уккуңуз келет,айткан жанга жагымдуу сөздөрүнөн ыраахат алып,жан дүйнөңүздү тазартып,жүрөгүңүз дем алат.
Жакшы адамдын абалы кадимки бал аарыдай, же болбосо даарыканада сатылган даарыдай деп айтаар элем.
Жакшы адамдар көп болсун!
#элдинкызы