4362
31.12.2019
Bishkek, Kyrgyzstan
Урматтуу мекендештер🇰🇬 Жалпыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен чын дилден куттуктайм🎄2019-жылы мен көп сыноолордон өттүм, ийгиликтерге жетиштим. Ой максаттарым орундалып Орто Азияда эле эмес Орусияда жеке концерттеримди бердим. Тарыхты карасак, ийгиликке биримдиги бар өлкөлөр гана жетишкен экен✊ Колдооңуздарга ыраазымын🙏 Биримдигибиз бек болсун! "Жакшылык сөзсүз жамандыкты жеңет, чындык сөзсүз жалганды жеңет"- дегендей шул ишеним мага дем, күч-кубат берип жылдан жылга ээрчитип мени өстүрүп бара жатат. 2020-жылды мен зор үмүт, ишеним менен тосуп жатам🎉 Бул жылы баарыбыздын үмүт-тилегибиз ишке ашсын. Элибизди, жерибизди Кудай колдосун, тынчтык жана бейпилдик берсин🤲 Кудайым элибизди, жерибизди жамандыктан, бөөдө кырсыктан сактасын🙏 Баарыбызга бакыт-таалай, чың ден соолук, ийгилик каалайм😘