4113
16.10.2019
Жери соонун, эли соонун, адамдары меймандос, Даткалардын мекени, көрктүү керемет Алайдын көркү дагы ачылыптыр! Арка кут болсун урматтуу Алайлыктар! "Эшигин көрүп-төрүнө өт !"-дейт. Куп жарашып калыптыр! 31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамында , эл толгон стадионго ырдаганга барганда көрдүм эле. Ал иш чараны да жыл сайын сиздер өткөрөсүздөр, элге чоң майрам кылып! Бүгүн бүткөн кооз сүрөттөрүн көрүп абдан сүйүндүм! Улан мырза элдин уулу сиздей болот! Чыныгы атаңыздын уулу экенсиз! Эл сыйлаган Бердибай аксакалды бизда абдан сыйлайбыз! Өнөр адамдарын дайыма төрдө алыр жүрөт! Кайрымдуулук иш чараларыңыздарга дайыма катышып жүрөм. Жыл сайын канча жетишпегендиктен үй-бүлөлөргө үйүнө жылуулук тартуулап жүрөсүздөр элдин батасы тийсин! Кыргыз элибизге, жерибизге пайдасы тийген сиздей патриот мырзаларыбыз көп болсун! Ал эми кээ бир элдин дарбазасы эмес, үйүнө дарбаза курбаган, элине 1 пиала чай куйуп бере албаган сулуу короздордун сөзүнө көңүл болбөңүз !
Элдин сыймыктуу уулу болуу сыймык, азаматсыз Улан аке Примовдор менен сыймыктанам!
Куттуу аркаңыздар кут болсун урматтуу Алайлыктар!
Соонун болуптур ээ достор?! #кудайымколдосун
#патриот
#сыймык
#Примовдор