7440 164
08.03.2020
Урматтуу Кыргызстан айымдары🇰🇬 Ардактуу энелер, кымбаттуу эже-сиңдилер❤ Баардыгыңыздарды жаздын, жаңылануунун жарчысы болгон 8-март Эл аралык айымдар майрамы менен чын дилимден куттуктайм🎉
Бүгүн сиздер үчүн өзгөчө күн🎈 Өлкөдөгү тынчтык, жакындардын амандыгы, үй-бүлөдөгү бакыбаттык - сиздерге улуу белек🎁 Сиздер күн сайын белек алууга, урмат-сыйга бөлөнүүгө татыктуусуздар🥰 Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин, жаркын маанай, жакшылыктарды каалайм🙏 Баарыңыздарга чың ден соолук, узак өмүр тилейм! Майрамыңыздар кут болсун😘 Чын дилимден, Самара Каримова💐