6042
08.11.2019
Саламатсыздарбы урматтуу күйөрмандарым. Мен үчүн ар бириңиздердин , мени бийикке сүрөгөн каалоо- тилек , жылуу сөзүңүздөр маанилүү болгондой эле, сунуш- пикириңиздер , кайрылууңуздар да маанилүү. Ар бирин окуп , ар бирине көңүл бөлүүгө аракет кылам. Соңку кездерде баракчамдагы комментарийлердин арасынан
- Кайрымдуулук кыласызбы? , - Эмне учун кайрымдуулук кылбайсыз? - дегендерди окуп калып жатам. Андыктан,бүгүн ушул багытта өз пикиримди жазып коюуну туура көрдүм. Кайрымдуулук инсандык парз, кайрымдуулук жүрөктү жибитип, дүйнөңдү аруулайт, мен муну жакшы билем! Ааламга алты саны аман келип, жакшы күндөргө жетип жатканыма, көөдөнүмө өнөр шыбагасы тийип , элдин кызы болгонума күн сайын шүгүрчүлүк кылам. Үй-бүлөм, жакындарым, эл- журтумдун тынчтыгын тилейм. Кайда барбайын улуу жараткан жадымда , дайыма жүрөгүмдө . Андыктан биздин үй-бүлө да мындай иштен четте эмес. Мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша ар дайым кайрымдуулук кылып келебиз. Жасаган аракеттерибиз муктаж инсандарга даректүү жетип тураарын да билебиз. Бирок " оң колуң бергенди, сол колуң билбесин" деп хадисте айтылганда жасаган ишибизди жарнамалаганды жактырбайм. Жүрөгүм менен кылган кайрымдуулук жүрөктөрдө гана калышын каалайм. Мен учу6н кайрымдуулук бул пиар эмес...... Сүрөткө түшүп , мактанып , жасаган ишимдин кутун качыргым келбейт.
Кайрымдуулук ар бир инсанга парз!
Жашоодо кайрымдуу инсандар көп болсун! Аллахым ыраазы болсун!
(Кээбирлер кайрымдуулукту БИЗНЕСке айдандырганы өкүндүрөт,ар бир ишибизге жооп берчү күн келет) Жардам бергениңди милдет кылба 👆👆 бир тууганым!
#Аллахымыраазыболсун
#кудайымколдосун
#элдинкызы
#жекепикирим