Самара Сабирова
@samarasabirova_official
Самара Сабирова

Подписчики: 36873
Посты: 1050
Подписки: 1104
0551079583.0500079583.0700079583
Загрузка...
Бүгүн пиар кылуучу учур эмес!!! Жалпы адамзаттын башына түшкөн оор күндөн биргеликте чыгуу, ушул сыноону чогуу жеңүү күнү! Ооба, "оң колуңдун бергенин сол колуң билбесин" - деген кеп бар. Бирок, кырдаалга байланыштуу бул видеону мактануу эмес, мүмкүнчүлүгү бар боорукер замандаштарыбызды бизге кошулуп жардам берүүгө чакыруу үчүн чыгардык. Муну туура түшүнөсүздөр деп ойлойбуз. 🙏🙏🙏🙏 Билсеңиздер өнөр адамдары жалтырак көйнөк кийип, күлүп жүргөнү менен көпчүлүгүнүн капчыгында маңдай жылытарлык миллиондору деле жок. Ошентсе да, алыбыздын жетишинче уюштуруу жолу менен ырчы, тамада, журналист, блогер, айтор... маданият чөйрөсүндө жүргөн бир топ өнөр адамдары топ-топко бөлүнүп аракет кылып жатабыз. Кезинде биздин ата-бабаларыбыз да мындан оор, мындан кыйын күндөрдө акыркы жарты токочун, бир кокуч талканын тең бөлүшүп жеп, ынтымак, биримдик менен далай сыноолорду жеңген. Аны улап бүгүн да муктаждарга каралашып аткан шарты, мүмкүнчүлүгү бар баардык кыргызстандык замандаштарга таазим жана ырахмат. 🙏🏼🙏🏼🙏🏼 Кудай буюрса бул күндөр да өтөт. Ынтымак, биримдик, тартип жана тазалык менен аты жаман ооруну сөзсүз жеңебиз.✊✊✊ Пейилибиз тазарып, жүрөгүбүз агарсын. Бири-бирибизден жардам, жакшы сөз аябайлы. Жараткан ар бир пендесинин күнөөсүн кечирип, оору-сыркоосуз бейпил, бактылуу күндөрүбүздү кайрып берсин.🤲🤲🤲🤲🤲 Соңунда СИЗден суранарыбыз ☝️эгер шартыңыз бар болсо, биздин катарга кошулуңуз.🗣🗣🗣 Али дагы биздин колубуз жетпеген 2,3 күндөн бери оозуна наар албаган, бир чымчым уну, бир кесим наны жок жарандарыбыз арбын экен. Чалуулар өтө көп болуп жатат. Эгерде өз бала-чакаңызга жетээрлик оокат-ашыңыз болсо, анда СИЗдин андан да чоң жардамыңыз #ҮЙДӨН_ЧЫКПОО, #ҮЙДӨ_БОЛУУ, #ҮЙДӨ_ОЛТУРУУ, #ТАРТИПТИ_САКТОО, #ТАЗА_БОЛУУ!!! Баарыңыздарды терең урматтап, ӨЗГӨН ӨНӨРПОЗДОРУ!

Загрузка...