Самара Сабирова
@samarasabirova_official
Самара Сабирова

Подписчики: 36873
Посты: 1050
Подписки: 1104
0551079583.0500079583.0700079583
Загрузка...
Бүгүн соонун күн болду.Мен издеп эңсеп жүргөн обончу эжекем менен байланышып таанышып мага абдан обондору жакты.Өзү Баткенде жашайт экен.Айжамал Нишанбаева деген эже.Музыкалык сабаттуу өнөрлүү обончу эже экен.Өзү турмуш үй бүлө бала чака деп чыгармачылыка көп киришпептир.Ырларыңызды көмүскөдө сактабаңыз эжеке абдан маанилүү обондорду жаратыптыр.Баардык обондору менин табитимде экен.Биринен бири өтүп соонун.Аллахым буйурса жакынкы арада соонун ырларын ырдап чыгамын.Төмөндөгү ыр мындайча болду.Экөбүз тел.до ырларын мага жөнөтүп сүйлөшүп жаттык.Анан менде акын эжекелерибиздин китептери бар эле бир эки жаккан ырларды сүрөткө тартып жөнөтүп койдум эле.Арасынан Бактыгүл Чотурова эжекебиздин ушул Сиз деген текстине жарым саат өтүп өтпөй мага голосовой ырдап жөнөтүп жибериптир.Жакты мага бул обон да.Анан мен комузга коштоп диктафонго жаздырып жөнөтүп койдум.Эже ыраазы болду.Бул азыр черновой эле вариант ырдалды.Сиздерге да угузгум келди.Көмүскөдө кандай таланттар бар .Эжекенин обондорун Кудайым буйруса сиздерге жеткиришке аракет кылабыз.#Аллагашүгүр

Загрузка...