Ар бир Кыргызстандыкка кайрылуум!
◾Бир бирибиз үчүн жооптуу жана кооптуу бололу!
◾Зарылсыз эшикке чыкпайлы!
◾Ресторан, кафелердин (HoReCa) ээлеринен суранат элем, берилген гана саатта иштейли, "свойлорго" да иштебей турсак;
◾Айдоочу байке-инилерим, карантиндин рекомендацияларын сактап, өз убактысында гана иштейли. Сиздер өтө жооптуусуңар, силер миңдеген адамды оорудан жана өлүмдөн сактащыңар ыктымал!
◾Урматтуу элим, эгер "Өзгөчө кырдаалдын" бузулушун байкасаңар, дароо СМИге билдирүүңүздөрдү суранат элем! Жооп болбосо, мен көпчүлүккө чыгарганга даярмын.
"Өзгөчө кырдаалдын" кыскача эрежелери:
◾Коомдук транспорт 07:00-10:00 жана 17:00-21:00 иштей алат;
◾ТРЦ, магазиндер 07:00-19:00 иштей алат;
◾Базарлар 09:00-17:00;
◾Кафе, ресторан, кофейня, ашканалар 10:00-20:00;
◾Тойкана, түнкү клубтар, караоке барлар, барлар, балдар оюн-зоок жерлери иштебейт.
◾Парк, сквер, бульварга барган болбойт!
Тааныш, жакындарыңыздар менен бөлүшүп коюңуз! Балким, бул видеонун пайдасы тийер 🙌