3210
06.10.2019
Bishkek, Kyrgyzstan
Мен өтө бактылуу адаммын. Мындай айта албасамда, инстаграм аркылуу айтып көрөйүн.
Бүгүнкү постумду папама - Желдең Акылбековичке арнагым келип турат. Кичине кезимден бери папам менин "роль моделим" болчу, папамдай акылдуу болгум келчү. Боло албадым окшойт 😅
Папам, мен тааныгандардын арасынан эң жөнөкөйү жана акылдуусу. Ар дайым изденүүдө болуп, жаңы нерселерди үйрөнүп турат. Неберелерине болгон мээрими өзгөчө, алар менен ойногонун көрүп, башкача жыргайм. Оорубаңыз, бар болуңуз! Мамам экөөңүздөр биздин төрүбүздө, сыйыбызды көрүп жүрө бериңиздер! 🖤