Гулжигит Сатыбеков
@satybekov_guljigit
Гулжигит Сатыбеков

Подписчики: 179204
Посты: 325
Подписки: 180
🎼Композитор 🇰🇬🌍 🎙Ырчы🇰🇬🌎 Кызматташуу боюнча 0700636663 0551375353 Таалай
Загрузка...
💥Жаңы клип!💥💥Жаңы клип! 💥 Манас Назаркулов - "Унут мени" @nazarkulov_manas_officiall @solomedia.kg @nazarkulov_manas_officiall @solomedia.kg Клиптин толугун "SOLO" YouTube каналынан көрүңүздөр! #solomediakg #solomedia #solo #жаңыклип #жаңыклип2020

Загрузка...
4599   134
19.06.2020
Ассалому алейкум замандаш. Бозбу ата тоосунун тарыхы тууралуу мурдагы билдирүүлөрүмдө жазабыз деп убадалашканбыз. Сиздерге кылымдардан келе жаткан уламышты жазууну эп көрдүм. Уламышта Аксыны байырлаган Аксы ата Кетмен төбөлүк Шамшыкал атанын кызы Шаканайга үйлөнүп, андан "Бабаш ата" жана "Бозбу ата" деген эки уулу болгону айтылат. Бабаш атанын ысмы кийин Арсланбаптагы "Бабаш тоосуна " , Бозбу атанын ысмы Аксыдагы "Бозбу тоосуна " коюлган. Бозбу тоосунун эң бийик чокусу деңиз деңгээлинен 3051метр бийиктикте жайгашып, төбөсүндө көлү бар керемет жер. Бозбу атанын уламыш боюнча тогуз уулу болгону айтылат. 1. Пача ата ( Кашка-Сууда) 2. Баба ата ( Итагарда) 3. Шүдүгөр ата ( Авлетимде) 4. Кожо ата ( Кызыл-Тууда) 5. Тоскоол ата (Сары Челекте) 6. Имам ата ( Ак Сууда) 7. Байсын ата ( Ринжитте) 8. Бай Булак ата ( Кербенде) 9. Кызыл ата ( Ала Букада) Аты аталган жерлердин ар биринин өзүнүн Кудай берген сулуулугу, өзгөчөлүгү бар. Бала кезден бул жерлерди аралап көрүп чоңойдум.Чынында касиети бар, кут түшкөн ыйык жерлер экени талашсыз. Буйруса Бабаш ата, Арсланбап, Бозбу атанын тогуз уулу жөнүндө кийинкиде сөз кылабыз. Бул маалыматтар Баяс Туралдын "Алтын казык Аксы "- аталыштагы китебинен алынды. Өтмөгүн билбеген, келечекке жол таба албайт-- деген акылмандын сөзү менен, көрүшкөнчө дейли!