Келечекте кедей болор адамдын 20 белгиси:
1. Эрте турганды жаман корот.
2. Мумкунчулук болсо эле жамбаштап жатканды жакшы корот
3. Эмгекчил адамдарды «акча дегенде олуп кетет» деп сындайт.
4. Кунумдук маршруту окшош эле: Ашкана, телевизор, интернет, диван жана даараткана
5. Кыялданат десе эле ишке ашпаган иллюзияга жетеленип, жакшы кун болорунан умут узбой кун откорот.
6. Жумушу жок. Жумушка чакырса айлыгы аз деп шылтоолойт.
7. Коп акча тууралуу кыялданат, бирок аракет кылбайт.
8. Бирооно суйонуп жашайт (аялына, куйоосуно, карыган апасына, эжесине же байкесине)
9. Бироого акыл уйротконду билет. Бирок ал акылын озуно пайдаланбайт.
10. Интернетке коп убакыт коротот.
11. Жанын кыйнагысы келбейт. Эки кун чарчап иштеп калса, бир жума бою эс салат, жоо чаап келгендей.
12. Дайыма бир нерсени шылтоо кылган адаты бар.
13. Жакшы коргон созу «Ошол кун келе берсинчи», «Кудай деген кур калбайт», «Ар бир адамдын оз ырыскысы бар», «Бара коробуз», «Байлык колдун кири» ж.б.
14. Билими денгээли илгерки бойдон, же такыр эле билими жок
15. Жаны нерсени кыйындык менен кабыл алат, же такыр эле кабыл албайт.
16. Изденбейт, озунун ишканасын ачып аракет кылуу, онуктуруу тууралуу ойлоп да койбойт.
17. Акча чогултуу адаты жок. Бир аз ашыгыраак акчасы болсо, ал акча чонтогун «тырмап» тынчтык бербей, короткуча шашат.
18. Чыгашаларын эсептебейт, зарыл болсо карызга алып шаан-шокот кыла берет.
19. Ачкыл, кычкыл, ачууга жакын
20. Эн башкысы! Бекерчиликте жатып омур жылдары кемип, мумкунчулуктору азайып жатканын капарына да албайт. Ынгайлуулук зонасына (зона комфорта) батып калганын сезбейт.
Сиздердин оюнуздарча дагы кандай белгилери бар, комментарийге улантып жазсаныздар: