4451 396
02.09.2020
Кыргызстан
Күйөө деген ким?
==============
Күйөө деген — эки ирет чалганда жооп берип үлгүрбөсөң, "10 жолу чалсам албайсың, жооп бербегенден кийин андай телефонду ыргытып ийиш керек да!" деп нерв болгон адам;
Күйөө деген — дал бутунун үстүндө турган токко телефонун зарядка коюуудан зеригип, "телефонуму сайып койчу" деп сага буйрук берген адам;
Күйөө деген — өмүрүңдө гүл алып бербедиң деп таарынсаң: "Не кыласың гүлдү? Баары бир соолуп калат, мен өзүм сага гүлмүн",- деп оңой кутулган адам;
Күйөө деген —тамак бышкыча: "Качан бышат, качан бышат?" - деп кухняга жаныңа келе берип, тамак дайын болгондо: "азыр, азыр мына" деп залда жатып алган адам;
Күйөө деген — күнү бою каяка барууң керек экенин кайра-кайра эскертип жүрсөң да, "мен кеттим" деп чыгып бара жатсаң:"Каяка барасың?" - деп сураган адам;
Күйөө деген — бир жакка чыгып бир аз кечиксең: "Үйүң, бала-чакаң барбы сенин? Тез кел! Ар он мүнөттө звандай берген адам;
Күйөө деген — сенин ата-энең келгенде өтө мээримдүү, койдон да жоош боло калган адам;😅
..Улагыла: #тамаша😁 #жакшысозжанэргитет #бактылууболупжашайлы #кыргызстан🇰🇬🇰🇬🇰🇬 #жакшымаанай😁😁 #бишкек🇰🇬🇰🇬🇰🇬 #билимдүүбол #аруукызым🤗 #жубайыма🎶 #жакшыадамдар🤗🤗 #мынаминтип💃