Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA
Загрузка...
Биз, көп нерсеге баам салбай аткандайбыз, кадимки жай турмуштагыдай бири бирибизге акаарат келтирип акыйнек айтышууну токтотпой келебиз, айлананы карайлы, дүйнө жаңылыгына үңүлөлүчү, эмне деген алаамат болуп атат?... ажал кылычын кындан сууруп ар бир өлкөнү айланып, ар бир үйдү акмалап жүргөндөй... Оо бурадарлар артка кылчайып карайлычы, мындан туура 20 күн мурун биздин өлкөдө бул оорунун белгилери жок эле, а бүгүн болсо 216 мекендешибизге жугуп, 4 жараныбызды арабыздан сууруп кетти шум ажал, аларга уул кыздары, туугандары да топурак салалбайт экен, демек биздин өмүр коркунуч алаканында турат, ал коркунучтан кимибиз суурулуп чыгарыбызды бир гана Кудай билет. Бир сөзгө жармашып бири бирибизди төө бастыга алганды, ашынган фанат исламчы менен теңирчи болуп жаакташканды токтотолучу, биз бири бирибизге жакшы сөз арнай албасак топурак да салабай калуубуз мүмкүн экенин аңдайлычы, оо АДАМ баласы сураныч, тигил ооруган деле эмес экен, врачтар жөн эле акча жемей кылып атыптыр деген былжыраган сөздөрдү, видеолорду бөлүшпөй эле коёлучу, өлкөнүн короосуна кирген коркунучту жеңүүнүн жолун үйрөтөлүчү андан көрө бири бирибизге... #ишеним_үмүт_сынбасын #кудайколдосун

Загрузка...