Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA
Загрузка...
АПАЛАРДЫН, АТАЛАРДЫН ак батасын алып жүргөнгө жеткирсин жаратканым, бул Уулбү тайэнем, Апамдын өкүл апасы, 1 ай мурун көзү өтүп кетти бейиши болгур, артта отурган Апина чоң апа, ушулардын баары ыраматылык чоң энем Каныкейдин насиптеш сиңдилери эле, чоң энем кемчиликтери болсо бетине айтып тилдеп урушуп коёр эле, ай эми таарынып калды, эми биздин үйгө келбейт го деп ойлочу элем, жок кайра эле жаркылдашып, шырдак шырып, кийиз жөрмөп ынтымактары укмуш болчу, ээх атаганат дүнүйө, адамдык улуу сапат, көтөрүмдүүлүк менен кечиримдүүлүк ушул асылдар менен кошо кетип калганбы деп ойлоп коём кээде. Өкүнүчтүүсү айылга көрк берип турган карылардын катары да суюлуп баратат, кадырына жетип ак батасын алып жүрөлү!!! #карысы_бардын_ырысы_бар

Загрузка...