Кукем экөөбүз илгери АСАБА деген гезит бийликтин көзүнө тикен болуп сайылып, жамы журттун сүйүп окуган жападан жалгыз окумал гезити, а Кукем болсо ал гезиттин бирден бир мыкты журналисти болуп турганда таанышып дос болдук эле. Ыраматылык Мелис Эшимканов Чуңкурчак жайлоосуна коноко чакырып достука себепкер болгон, андан бери эчен суу акты, канча жыл зымырап өтүп кетти, кызматы өзгөрдү бирок Кукем өзү ошол бойдон өзгөрбөдү, дос болуп жүрөлү деп шерт кылганыбыз менен ымала түзүп ысык мамиле курбадык, бирок бийик сый мамилебиз калды. Кубат досум, инстаграмм дүйнөсүнө кош келипсиң, өзүңдөй сөз баккан адамдардын бул соц тармакта катталып, жазган акылгөй кептери көпчүлүкө абадай керек анда эмесе достор, келгиле @kubat_otorbaev досумдун баракчасына катталабыз. #жакшы_дос_жанга_шерик