Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA
Загрузка...
Кадырман кыргыз калкым! Акылман элибиз айткандай көп түкүсө көл болот, сактансаң сактайм демекчи кайдыгер болбой баарыбыз бири бирибизге колдон келген жардамды аябайлы. Эң негизгиси эч кандай паникага алдырбай, бизнеске айлантпай чын жүрөктөн кол суналы. Азыркы учурда көйгөй жаратып жаткан маска проблемасын чечели деп достор жакын санаалаштар менен аракет кылып баштадык. Маскага керектүү материалды таап бир партия 3000 штук буйуртма бердик. Швея 1 даанасын 3 сомдон тигип жатышат. 3 рулон материал 3* 800 сом=2400сом 21 шт резинка 4000 сом. Арзан ичке резинка калбай калганына байланыштуу калың кымбатыраак резинка алдык. Баардык 3000 шт маскага 15400 сом расход кетип 1 маска 5 сомдон айланып жатат. Эгерде кайдыгер карабаган тигүү цехтери бекер тигип берсе 2 сомдон эле айланып калат. Чын жүрөктөн кол сунуп бириксек баары жеңил болот. Биринчи партияны милиция кызматкерлерине берели деп чечтик азыркы учурда аларда маска жок болуп жатканына байланыштуу. Эгер кимде ким жардам беребиз дешсе биз материалды кайдан кандай кылып алышты айтып беребиз. Эч кандай жарнамалык максат жок. Баардыгы соопчулук үчүн, алакандай кыргыз элибиздин эртеңки тагдыр келечеги үчүн!!! 0709221116 Самат, 0705000909 бул менин номерим, Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга!!! #үн_кошуңуздар_боордоштор_бүгүн_баштайлы #мекен_бизди_ынтымака_чакырат @art_ishenbekov

Загрузка...