Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
1467     16034
24.11.2019
Ала Белде кыш өзүнүн өкүмүн сүрүүдө, биз болсо жылуу үйдө телефон чукулап фейсбук менен инстаграммда кээ бирлерибиз ит жебеген б.кту жешип атабыз, ээх турмуш, кээ бири ичээрге суу таппай жүрсө кээ бири суудан өтүүгө кечмелик таппай жүрөт. Чыныгы мээнет ушул жолчулардыкы, ар бирибиздин жолдо калып үшүбөшүзгө шарт түзүп, өздөрү көк муштум болуп, уйкудан калып күрөк менен кум чачып жүрүшөт. Ушул эмгеги үчүн жаңылбасам болгону 15 миң сомго жетпеген акы алышат айына, суука кайыгып туурулган бети колдору канчалаган адамдарды кырсыктан сактап атканын билгибиз келе бербеген кемчонтойлугубуз бар эмеспи, күшүлдөгөн таноолордон чыккан буу, күрөк менен шиленген кум биз үчүн канчалык кымбат экенин сезе турган да учур келээр, кээ бир атка минерлер үчүн силердин айлык күнүмдүк тишине тыгылган обединин баасыдыр... Баасы ченемсиз баркыңарды азыр билбеген түркөйлүгүбүзгө арданып, жок дегенде айлык акыңарды кышкысын 50 миң сом кылып берсе деп ойлонуп, (чынында мындан да жогорку акыга татыктуусуңар) силер кардан тазалап, музуна кум сепкен жолдо үнсүз келатам, аман болгула боорлорум, Кудай үй бүлөңөрдү ырыскы менен бакыттан куру койбосун, рахмат силерге жолчуларым, таазим силерге чоң сооптун ээлери!!! #алкыш_силерге_ардактуу_жолчулар
1912  
21.12.2019 Karakol
Каракол чындап сүйгөн шаарым, алгачкы жеке концертим Караколдон башталып, өнөр башат болгон шаар мага баласынтпай мээрим төккөнүн сыймык менен эстейм, ал ырас андан бери канча ырлар ырдалды, канчалаган муза чакырык ушул шаарга тартылды, кыскасы Караколго болгон сезимим ар дайым таза аруу бойдон жашап келатат. Бүгүн КАРАКОЛДУН 150 жылдык мааракеси экен, чакырууну алып абдан кубандым, күн мурунтан пландалган жаңы жылдык иш чаралар болбогондо сөзсүз барып сүйгөн шаарыма куттук сөзүм менен арнаган ырымды чын дилимден ырдап бермек элем, аттиң деп баралбай калганыма кейип турам, Караколго болгон сезимимди сезип, өгөйлөбөй өз баласындай чакыруу жөнөтүп, шаар атынан деп төш белги сыйлык кылганыңыздарга шаар бийлигине мэрияга, шаар депутаттарына, жана жалпы шаардыктарга ыраазымын урматтуу Караколдуктарым, майрам жакшы өтсүн, бара албасам дагы тилектеш адамдардын катарындамын. Майрамың менен КАРАКОЛУМ!!! #каракол_150_жыл
3257     19259
15.10.2019
Бүгүн биз үчүн кубанычтуу, ары жоопкерчиликтүү анан бакыттын босогусуна быссымылда деп кадам таштаган күнүбүз, мындан 24 жыл илгери мен 21 сен 18 жашыңда арзуунун айылынан кичинекей эки адамдык кайык жасап турмуш деген улуу мухитке сүзүп чыкканбыз. Канчалаган бороон чапкын, кар аралашкан жамгыр, албуут толкун кичинекей кайыкты аласалдырып оодара жаздап бирок калакты бекем кармап деңиздин күн шооласы көрүнгөн жарык жагын көздөй ишенимдүү сүзгөнүбүздөн махабаттын биз самаган аралына аман эсен жеттик, Кудайга шүгүр, бул аралда не түркүн куштар сайрап, жыты буркураган ажайып гүлдөр аңкып, мөмөсү төгүлгөн, даамы балдай жер жемиштер арбын болуп, улам кызыктырып суктантып жана дагы шыктантып аткан мезгили, учу кыйыры билинбеген бул бакыт аралында сенин мыктылыгыңдан көптөгөн жакшы адамдар менен жанашып туугандашып келатабыз. Майрамың менен асылым, Кудайым канча өмүр берсе, акыркы дем алуум дагы өзүңө арзуумдун ак экенин билдирип чыгаар, сендей асылга жар болуу бул бакыт, бакытыбыз бөксөрбөй, бир кездеги жасаган кичинекей кайыгыбыз эңгезердей кемеге айланып толкундарды тоготпой, бороонго буюкпай, жаан чачынга жабыркабай сүзүп келатат, кудайга шүгүр, арзуу сапарыбыз узак болсун, өзүң менен бирге өткөн өмүр ар дайым кымбат жана ыйык, баардык жакшылыкты бирге көрүүнү жаратканым буйрусун, майрамыбыз кут болсун, сени абдан жакшы көрөм, урматтуу менин балдарымдын апасы, эч качан ооруба!!!♥ @nbeyshekeeva_ #өзүңдү_жолуктурган_кудайдын_марттыгына_чексиз_шүгүр 🙏