Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2753   180
25.04.2020
Урматтуу достор, күндөн күнгө адам аттуунун баары аты жаман ооруга үйүр алып, кээ бир саясатчылар мындай оору жок деп үгүт жүргүзгөнгө жетишсе, кээ бир дарыланып айыгып чыкты дегендер бир тоголок дары берген жок жөн эле жаттым деп айтып, үйдө камалып отурган көпчүлүктүн башы айлагандай ахыбалга келдик. Ырас өзүм дагы алгач күндөрдөн баштап муктаждарга азык түлүк маска таратуучулардын катарында болуп, бул кокунучка көп маани бербегендердин катарында жүрдүм, 2 күн мурун абдан жакын санаалаш таанышымдын телефон коңгуроосу ансыз да буулугуп турган жан дүйнөмдү селт эткизди. Негизи фб талаасын таптакыр эле жаап салып, фейсбуктан инстаграммдан кетип өзүм менен өзүм болгум келип жан дүйнөм жалгыздыкты самап баштады эле, бул коңгуроодон кийин аз болсо да башкаларга ал жай сурашып маалымат жеткирип туруу үчүн ал оюмдан кайттым. Биз баарыбыз көндүм болуп, бул оору жок экен жөн салды эле ойдон чыгарылган акча жасамай окшойт деген түкшүмөл пикирлер башталгандан баштап баарыбыз эле моюн сунгандай жай турмуш арабасын кылдыратып баштагандайбыз. Тилеке каршы бар экен, болгондо дагы өтө коркунучтуу оору ар бирибиздин жакындарыбызды жада калса өзүбүздү дагы акмалап жүргөнүн айтып койгум келди, абайлайлы сактансаң сактайм деген жараткан дагы сактаналы туугандар, мага кагылган телефон коңгуроодогу таанышымдын аба жетпеген үзүл кесил үнү жан дүйнөмдү үркүттү, бечара таанышым бир нерсе болуп кетсем үй бүлөмө бөтөн эмессиң көз сала жүрчү деген жөтөлгө муунган сураныч сөздөрү жасалма дем алдыруучу аппараттын чыйкылдаган үнүнө аралаш чыгып бул коркунуч ар бирбиздин босогодо эле жүргөнүн туйунтту. Инфекциялык оорукананын башкы врачы биздин айылдаш ага болгондуктан телефон номерин терип андан сурадым, ахыбалы оор дейт, урматтуу мекендештер ар бириңиздердин ден соолугуңуздар өмүрүңүздөр мекен үчүн кымбат, жок дегенде жалган маалыматтардын таралышына бөгөт болуп өлкөбүзгө жардам берели, баарыңыздарга ден соолук өмүр тилейм.🙏 #жардам_бер_үйдөн_чыкпа_өзүңдү_ая
1783   176
18.03.2020
Бүгүн башыбызга жараткандын жалпы журтка берген сыноосу келип алдастатып турат, суук кабар таң эрте чыйрыктырган муздак аба менен кошо келди. Кыргызым мындан кыйын кезеңди башынан кечирген, андыктан акыл кеп кеңешибизди бири бирибизден аянбай, акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи жээнбековчу болуп ыркырашпай, теңирчи, мусулман, христиан, баптист болуп чыркырашпай, түндүк түштүк, аркалык ичкилик болуп бөлүнбөй МАНАСТЫН элиндей ынтымак айкөлдүн урпактарындай токтоолук менен туруштук берип жеңишке умтулалы, келгиле жок дегенде ушул сыноо босогосунда чеп болуп туралы, бири бирибизди күнөөлөгөндөн пайда жок экенин билсек деле кырчаңгыланып дайны жок сүйкөнгөндү, ар намыска шек келтире сүйлөгөндү токтотууга чакырам, биздин абийир, намыс, ынтымак алмустактан бери түптөлүп ата бабалардан таберик болуп бизге жеткенин, азыр да каныбызда айланып жашап жатканын далилдейли мекендешим, баардык сыртта жүргөн жана мекенде жашаган улутташым, бекем болуңуздар, Кудай маңдайга жазганын бирге көрөрбүз, тирүү болсок бир дөңдө болуп бири бирибизге кол сунбасак, бирибизди бирибиз жөлөбөсөк башка эч ким бизге мээрим төкпөйт, баарыңыздарга ден соолук амандык жана бийик сабырдуулук каалайм боордошторум!!! #кудайколдосун
Загрузка...
2010   143
19.03.2020 Кыргызстан
Силер чыныгы элдик баатырсыңар ардактуу ак халатчандар, өлкөнүн келечегине өмүрүнө чеп болуп турасыңар, пейил мүнөзүңөр кийген халатыңардай ак экенине жасаган ишиңер күбө. Коомчулук кандай гана сын пикир айтпайлы, адамдык абийирге чейин асылып ур тепкиге албайлы бирок баары бир арзыбаган айлыка кайыл болуп өмүр сакчылык милдетиңерди улантып келесиңер. Таазим силерге дабагерлер, мээнетиңер кайтып мекенибизге ылаң жолобосо экен, жасаган аракетиңерди көрүп, жан дүйнөм жаз көктөмдөй жылыйт, азаматсыңар, Кудайдан кийинки үмүт силерде, чарчаңкы жүзүңөрдөн мээрим көзүңөрдөн эртеңки күндүн жарыгы туюлат, баарыңарды кучактагым келди, ыраазычылык сөзүмдү ыр менен айткым келип турат, урматтуу акын достор мага тез жардамга келиңиздер, өлкөнүн өмүр сакчыларына арналган чыгарманын жаралышына кол кабыш кылыңыздар, келген ырларга чектөө жок, ак халатчандарга арналган ырларыңыз болсо же жазып ушул постко коммент калтырсаңыздар сонун болмок, анда эмесе алкыш силерге ардактуу ак халатчандар, бар болуңуздар дабагерлерим!!! #алкыш_силерге_ардактуу_ак_халатчандар