Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1160   28
01.06.2020 Хорошие Люди
Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга деп ыр саптарында айтылгандай кыйын күндө кыргызым деп кыйкырып чыккан көк жалдарыбыз көп экендиги кубандырат, береги сүрөткө тумоо жаңы башталып карантиндин каалгасы жабылган алгачкы күнү, ыктыярчы болуп дарыгерлерди үйүнөн жумушка, жумуштан үйүнө ташуу демилгебизди колдоп өздөрүнүн коопсуздугун өлкөнүн эртеңине тобокел кылганга даярбыз деген айдоочулар, жана унаалардын күйүүчү майына каражат бөлгөн досторум менен түшкөн элек. Туура 2 ай илдетти жеңгенге жеңилдик кылдыңар, бүгүн буйруса жай турмуштун босогосунда туруп баарыңарга алкыш рахмат айтам туугандарым, ден соолугуңар бекем, өмүрүңөр узун болсун, урматыңарга сыйыңарга мекенчилдигиңерге таазим этем, баарыңарга колдооңуздар үчүн чоң рахмат!!! #жакшы_адамдар_көп_болсун 🤲🙏 #мекен_өз_баатырларын_билүүсү_керек
Загрузка...
1912  
21.12.2019 Karakol
Каракол чындап сүйгөн шаарым, алгачкы жеке концертим Караколдон башталып, өнөр башат болгон шаар мага баласынтпай мээрим төккөнүн сыймык менен эстейм, ал ырас андан бери канча ырлар ырдалды, канчалаган муза чакырык ушул шаарга тартылды, кыскасы Караколго болгон сезимим ар дайым таза аруу бойдон жашап келатат. Бүгүн КАРАКОЛДУН 150 жылдык мааракеси экен, чакырууну алып абдан кубандым, күн мурунтан пландалган жаңы жылдык иш чаралар болбогондо сөзсүз барып сүйгөн шаарыма куттук сөзүм менен арнаган ырымды чын дилимден ырдап бермек элем, аттиң деп баралбай калганыма кейип турам, Караколго болгон сезимимди сезип, өгөйлөбөй өз баласындай чакыруу жөнөтүп, шаар атынан деп төш белги сыйлык кылганыңыздарга шаар бийлигине мэрияга, шаар депутаттарына, жана жалпы шаардыктарга ыраазымын урматтуу Караколдуктарым, майрам жакшы өтсүн, бара албасам дагы тилектеш адамдардын катарындамын. Майрамың менен КАРАКОЛУМ!!! #каракол_150_жыл