Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1467     16034
24.11.2019
Ала Белде кыш өзүнүн өкүмүн сүрүүдө, биз болсо жылуу үйдө телефон чукулап фейсбук менен инстаграммда кээ бирлерибиз ит жебеген б.кту жешип атабыз, ээх турмуш, кээ бири ичээрге суу таппай жүрсө кээ бири суудан өтүүгө кечмелик таппай жүрөт. Чыныгы мээнет ушул жолчулардыкы, ар бирибиздин жолдо калып үшүбөшүзгө шарт түзүп, өздөрү көк муштум болуп, уйкудан калып күрөк менен кум чачып жүрүшөт. Ушул эмгеги үчүн жаңылбасам болгону 15 миң сомго жетпеген акы алышат айына, суука кайыгып туурулган бети колдору канчалаган адамдарды кырсыктан сактап атканын билгибиз келе бербеген кемчонтойлугубуз бар эмеспи, күшүлдөгөн таноолордон чыккан буу, күрөк менен шиленген кум биз үчүн канчалык кымбат экенин сезе турган да учур келээр, кээ бир атка минерлер үчүн силердин айлык күнүмдүк тишине тыгылган обединин баасыдыр... Баасы ченемсиз баркыңарды азыр билбеген түркөйлүгүбүзгө арданып, жок дегенде айлык акыңарды кышкысын 50 миң сом кылып берсе деп ойлонуп, (чынында мындан да жогорку акыга татыктуусуңар) силер кардан тазалап, музуна кум сепкен жолдо үнсүз келатам, аман болгула боорлорум, Кудай үй бүлөңөрдү ырыскы менен бакыттан куру койбосун, рахмат силерге жолчуларым, таазим силерге чоң сооптун ээлери!!! #алкыш_силерге_ардактуу_жолчулар
Загрузка...