Сыймык Бейшекеев
@syimykbeyshekeev
Сыймык Бейшекеев

Подписчики: 170992
Посты: 421
Подписки: 69
Иш чаралар концерттик суроолор үчүн ➡️0703003070⬅️ чалыңыздар. YouTube каналыма ушул шилтемеге кирип катталыңыздар. 👇👇
https://www.youtube.com/channel/UCduZ3oNKMyJuqsNNGpi0qjA


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1783   176
18.03.2020
Бүгүн башыбызга жараткандын жалпы журтка берген сыноосу келип алдастатып турат, суук кабар таң эрте чыйрыктырган муздак аба менен кошо келди. Кыргызым мындан кыйын кезеңди башынан кечирген, андыктан акыл кеп кеңешибизди бири бирибизден аянбай, акаевчи, бакиевчи, атамбаевчи жээнбековчу болуп ыркырашпай, теңирчи, мусулман, христиан, баптист болуп чыркырашпай, түндүк түштүк, аркалык ичкилик болуп бөлүнбөй МАНАСТЫН элиндей ынтымак айкөлдүн урпактарындай токтоолук менен туруштук берип жеңишке умтулалы, келгиле жок дегенде ушул сыноо босогосунда чеп болуп туралы, бири бирибизди күнөөлөгөндөн пайда жок экенин билсек деле кырчаңгыланып дайны жок сүйкөнгөндү, ар намыска шек келтире сүйлөгөндү токтотууга чакырам, биздин абийир, намыс, ынтымак алмустактан бери түптөлүп ата бабалардан таберик болуп бизге жеткенин, азыр да каныбызда айланып жашап жатканын далилдейли мекендешим, баардык сыртта жүргөн жана мекенде жашаган улутташым, бекем болуңуздар, Кудай маңдайга жазганын бирге көрөрбүз, тирүү болсок бир дөңдө болуп бири бирибизге кол сунбасак, бирибизди бирибиз жөлөбөсөк башка эч ким бизге мээрим төкпөйт, баарыңыздарга ден соолук амандык жана бийик сабырдуулук каалайм боордошторум!!! #кудайколдосун
539   25
06.03.2020
Урматтуу Кочкор жана Нарын шаарындагы күйөрмандарым, баарыңыздардан кечирим сурайм, өлкөнүн коопсуздугу үчүн деп 7-8 мартта пландалган концертимди токтото туруумду айтышты, бул жерде эч кимдин күнөөсү жок, болгону дүйнөдө болуп жаткан илдеттин (атың өчкүр коронавирус) алдын алып өкмөт ушундай чечим чыгарыптыр, баарыбызга жараткан кудай өзү жар болсун, буйруса өткөрө турган концерттер али көп болот, алдын ала билет сатып алган активдүү күйөрмандарыма айтарым, билетиңиздерди кассага өткөрсөңүздөр тыйыныңарды 100 пайыз кайтарып берет. Кудай буйруп аманчылык болсо, концерт коёрго уруксат берээри менен сиздерге барам, өлкөбүздүн коопсуздугу ар бирибиз үчүн кымбат, бар болуңуздар, сиздерге амандык, ден соолук каалап Сыймыгыңар.😘 PS... бирок эл чогулганга уруксат бербегенге жараша кафе ресторандарга да көз салсаңар жакшы болмок, же ал жактан оору жукпайбы? #кудайколдосун 🙏
Загрузка...