Темир Назаров
@temir_nazarov
Темир Назаров

Подписчики: 52414
Посты: 864
Подписки: 469
Номер для выступлений +996773056555 Мирлан Админ. Негатив сразу в блок. www.facebook.com/Temir.Nazarov Новый Клип Ат-келет👇👇
https://youtu.be/GbwuJFOiSmU


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
366   22   2708
16.05.2020
Туткан орозоңуздар кабыл болуп, жараткан Аллах тилеген ар бир ой максатыңыздарга жеткирсин. Эки дүйнө бактылуу болуп, ден соолукта, токчулук-молчулукта, ынтымакта, бакытта, кубанычта болуңуздар. Ааламга адамды жараткан, мээримдүү зат болбойт бир Аллахтан Сакта, Аллах, азаптан, билбей жолдон адашсам, Сакта азаптын отунан. Күн менен түндү тактаган, Бүт ааламды сактаган, Теңдеши жок сага заттардан. Кайырма: Аллахым, Аллах, дүйнөнү жараткан Алла, Жалгызсың, Аллах, сактагын шайтандан, Аллах, Аллахым, Аллах. Жүзүңдү пендеңе бурасың,  Жалынсам, сен үнүмдү угасың, Мактоо сага жарашкан, болбойт сенден адашкан, Жоктон барды ал жараткан, Күн менен түндү тактаган, Бүт ааламды сактаган, Теңдеши жок сага заттардан. #темирназаров #temirnazarov #рамадан2020 #рамазан2020 #орозо2020 #пожелания #пожелание #аллах #клип #природа #nature #osh #nookat #ош #ноокат #абшырата #ислам #дин #религия #мусульманин #muslim #пост #каалоотилек #кыргызстан
191   21   1577
29.02.2020
Туулган жер. созу, обону: Керим Турапов Кылымдардан кылым карытып, Кызыл-Суунун суусу агылып. Бал жыттанган таттуу кымыздай, Туулган жердин суусун сагындым. Жүрсөм дагы алыс араңан, Ата Журтум кетпейт санаамдан. Акыл айтып, асыл кеп айткан, Аталардын кебин сагынам. Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан, Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган. Ышкын терип аска-зоосунан, Жүргөн күнүм эстеп сагынам. Жылаңайлак, чырпык ат минип, Жылгалардан тунук суу кечип. Балтырымды тилип караган, Балалыгым эстеп сагынам. Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр, Коңур желдүү, салкын, асыл жер. Кокту, белес, күнгөй-тескейден, Кой кайтарган күнүм сагынам. Түндүгүнөн түтүн булатып, Апам жапкан нанды сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам жүргөн жерди сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам жүргөн жерди сагынам. Ата Журтум эстеп сагынам. Балалыгым эстеп сагынам. #туулганжерим #туулганжер #туулганжердисагынуу #туулганжердинтопурагыалтын #родина #родинамоя #роднойкрай #классическийкостюм #классика #кыргыз #кыргызча #туулупосконайылым #туулупосконжерим #темирназаров #temirnazarov # #медленнаяпесня #песнядлядуши
Загрузка...