Темир Назаров
@temir_nazarov
Темир Назаров

Подписчики: 52414
Посты: 864
Подписки: 469
Номер для выступлений +996773056555 Мирлан Админ. Негатив сразу в блок. www.facebook.com/Temir.Nazarov Новый Клип Ат-келет👇👇
https://youtu.be/GbwuJFOiSmU


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
191   21   1577
29.02.2020
Туулган жер. созу, обону: Керим Турапов Кылымдардан кылым карытып, Кызыл-Суунун суусу агылып. Бал жыттанган таттуу кымыздай, Туулган жердин суусун сагындым. Жүрсөм дагы алыс араңан, Ата Журтум кетпейт санаамдан. Акыл айтып, асыл кеп айткан, Аталардын кебин сагынам. Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан, Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган. Ышкын терип аска-зоосунан, Жүргөн күнүм эстеп сагынам. Жылаңайлак, чырпык ат минип, Жылгалардан тунук суу кечип. Балтырымды тилип караган, Балалыгым эстеп сагынам. Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр, Коңур желдүү, салкын, асыл жер. Кокту, белес, күнгөй-тескейден, Кой кайтарган күнүм сагынам. Түндүгүнөн түтүн булатып, Апам жапкан нанды сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам жүргөн жерди сагынам. Үйүр-үйүр жылкы айдаган, Атам жүргөн жерди сагынам. Ата Журтум эстеп сагынам. Балалыгым эстеп сагынам. #туулганжерим #туулганжер #туулганжердисагынуу #туулганжердинтопурагыалтын #родина #родинамоя #роднойкрай #классическийкостюм #классика #кыргыз #кыргызча #туулупосконайылым #туулупосконжерим #темирназаров #temirnazarov # #медленнаяпесня #песнядлядуши