@

Подписчики:
Посты:
Подписки:
Загрузка...
Алишер аке ырдагандай "Эстелике эскеришер күн калды"

Загрузка...
297   30   2215
24.06.2020
сөзү: Р.Абдыкадыровдуку обону: А.Бөдөшовдуку Ошол кезде көзүм толо жаш болгон, Мен сүйүүдөн баш айланып мас болгом. Азыр сенин аз мезгилдин ичинде, Айтчы неге жүрөгүңө таш толгон? Кайырма: Абалым оор, аябастан кайгырдым, Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Гүл кетти да, куурап калган бак калды, Үмүтүм жок, үзүлгөн бир шак калды. Сүйкүмдүүм, ай, сүйүнтпөстөн какшаттың, Сүйүү кетип, ичте кара так калды. Кайырма: Мен көтөргүс оору менен кайгырдым, Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Бир жаныма өзүң бир жүз жан элең, Бир жашоомо жалгыз күйгөн шам элең. Мээрим белең, кара көзүм, жалгызым, Мен да сага ичим күйүп тар эле. Кайырма: Мынча неге көз жаш төгүп кайгырдым? Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Сендей адам эми такыр таппасмын, Боорум ысып, жүрөк тынчып жатпасмын. Ыйлап, ыйлап, көз жаштарым да тынар, Шумкар кезде канаттарым да сынар. Кайырма: Мээримдүүм, ай, мен да сен деп кайгырдым, Мен айрылсам, сен да менден айрылдың. Мен айрылсам, сен да менден айрылдың
141   4
19.06.2020
Уландысы Бир учурда Ошко Айтматовдун паркын ачабыз, ошого Тамиланын “Айтматовун” коебуз деген да күбүр-шыбырлар болгон экен. Залкар жазуучунун көркөм элесин Ош шаарына койсо саясий туура чечим болмок. Албетте, автор мындай чоң эмгектин борбор калаада туруусун каалашы турган кеп, бирок Ош деген байыркылыгы менен келечеги айкалышкан шаар. Экинчиден, Айтматовдун балалыгы Ош шаарында өткөндүгү, үчүнчүдөн автор Тамила Маматова дагы Ош мамлекеттик университетинин Искусство факультетине тапшырып, ушул жерде окуп, Т. Жумагуловдун сунушу менен борборго кеткендигин айткым келет. Демек, жазуучунун балалыгы, скульптордун Ош шаарындагы алгачкы чыгармачылык чыйырынын башталган күнүн эске алуу менен шаарыбызга койсок туура болот. Айтматов жана Ош, Маматова жана Ош. Үч бурчтук. Албетте, жетекчилер жана Оштогу чыгармачыл интеллигенция менин пикиримди колдоого алабы жокпу, ал башка маселе. Бирок, улуу жазуучунун эстелиги Европада элим жер берсе, чечим чыгарса ошол жерге барат элем деп күткөнү туура эмес! Эртең башка өлкөнүн бир азаматы автордун эмгегин баалап, көрүнүктүү шаарларынын бирине коебуз десе, анда “кылычыбызды ташка чапканга” туура келет. Айтматов бир эле улутка сыйбайт, ал ааламдын уулу! Тамила Маматованын чыгармачылык изденүүсүнө ийгилик каалаймын! Ден соолукта болуп, улуттук маданиятыбызды дүйнөгө таанытууга аракетиңди жасай бер дегим келет. Чыгармачыл адамдардын эмгегин көргөнүбүздө дароо эле кыргыздык түшүнүк менен “автор азамат! Ага мамлекеттик сыйлык беришибиз керек!” – деп, ураалап чыгабыз. Тамилага сыйлыктын кереги жок, ага эмгегин баалап, жер бөлүп берели. Айтматовдун эстелиги көрүнүктүү жерде турса Тамилага ошол сыйлык! Ошол бакыт! Ошол эргүү эмеспи! Түмөнбай КОЛДОШОВ, ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору, ф.и.к., доцент, обончу.
276   2
19.06.2020
ЖАРАНДЫК ПИКИР: АЙТМАТОВ ЖАНА ОШ Бүгүн интернет желесинде дүң деп аты чыгып, Европанын жана Кыргызстандын ММКлары Тамила Маматова деген скульптор тууралуу жазып жатышат. Гезит-журналдар чыгармачыл кыздын жараткан эмгектери, жашоо турмушуна байланыштуу маселелер менен кошо эстеликтин жасалуу тарыхын жазышууда. Тамила буга чейин дагы көп эмгектерди жасаганын, ал эмес персоналдык көргөзмөсү Москвада, Питерде, Бишкекте ж.б. шаарларда өткөнүн белгилейт (“Каныкей” эстелиги Москвада, “Кыргыз кызы” Крымда коюлган). Журналисттер да, Тамила да Айтматовдун эстелиги борбор калаабызга коюлбай калганынын конкреттүү себептерин айтпай, айланып өтүшөт. Ал "чылык" деген баарыбызга түшүнүктүү эмеспи. Мен Тамила Маматованы көргөн эмесмин, болгону ыраматылык Токтобай Жумагулов агайдан "Бир шакиртим Европада окуйт, ал өтө таланттуу кыз" деп айтканын укканым бар. Бүгүн ошол агайдын шакирти дүйнөлүк чыгармачыл интеллигенциянын кызыгуусун арттырып, "таанышкысын" келтирип турган чагы. Кичинекей, бирок чоң дүйнөсү бар Тамиланын дарамети канчалык экени көрүнүп турат, дипломдук иши үчүн жасалган "Ч.Айтматовдун эргүүсү" аттуу эмгек өтө чыгармачылык менен иштелиптир. Бизге Айтматов десе жазуучунун "ашуудан ашып" калган элеси көз алдыбызга тартылат. Дээрлик бардык сүрөттөрдө, эстеликтерде залкар жазуучунун улгайып калгандагы элеси чагылдырылган. Мында болсо жалындап турган кези, жазуучулук амбициясы, сезими, кыраакылыгы, айкөлдүгү, дүйнө таанымы көрүнөт. Үч метрлик эстелик бүгүн элибиздин эрктүү чечимин күтүп турган учуру (!). Автордун жасаганын карасаң бир топ изденүүчүлүк бар, кыргыздык дух, улуттук мүнөз чагылып турат. Жаштыктын өзү керемет эмеспи! Айтматовдун жаштыгы, тармалданган чачы, оң жакасынын желбиреп турушу (автор стандарттуу көрүнүштөн качкан), чыгармачылык эргүү менен отурганы... Жазуучунун эки колунун айкашып турганын автор видеолордон, фотолордон көрүп, көп учурда ушул көрүнүштө экенин байкаган. Андан сырткары, жан дептери жанында турат. Жазуучунун табиятты сүйгөндүгү чыгармаларынан даана билинет, эстеликте да ошол жазуучунун табиятка болгон суктануусу чагылдырылат. Уландысы бар Түмөнбай Колдошов, ф.и.к., доцент, обончу