"Жарты кайык" акыркы обонумдай сезилген
Зайырбек Ажыматовдун поэзиясына обончулар азыраак кайрылышат. Себеби, Закем акын-песенник эмес, бул киши турмуштук лириканы жакшы жазат. Жакындан бери жеке турмушуна байланыштуу, үй-бүлөлүк ынтымак тууралуу чакан аңгемелерди жазып, видеолорду жүктөөдө. Бул жакшы көрүнүш.
2012-жылы же 2013-жылы так эсимде жок, "Жарты кайыктын" текстин алгандан кийин көпкө барып обон жаздым. Кыйналдым, чайналдым. Обон жазылып бүткөндөн кийин кайырма сурап калды, "багыты жок жарты кайык" деп кайра кайра ырдап жатсам, кабинетке Улукбек Омокеев кирип келди. Ырды укту. Акын эмеспи, дароо түшүндү, "Түмөке (мени ушинтип айтат), "багыты жок жарты кайык" деп атасыз го, ошого "баратам турмуш жүгүн тартып алып" десек кантет" - деди. Акын болбогондон кийин андай саптарга мээ жетпейт. Сүйүнүп кетип, дагы ырдадым. Анан "кааласаңыз турмуш жүгүңүздү артып алып, кааласаңыз тартып алып ырдай бериңиз" - деп койду. Мына, "Жарты кайыктын" обону ошентип жазылган. Закеме, Улукбек ушинтип кошту, болобу десем, ал кишиге да макул келди.
Бул ырды тумшугу ташка тийбеген, сүйүүдөн өксүбөгөн, адамдар менен мамиле кылбаган же алданбаган, дайым ак нан жеп чоңойгондор түшүнбөйт! Адамдардын көпчүлүгү ушунчалык бийик болушат, суктанып бүтпөйсүң, арасында пас, түркөйлөрү, кара мүртөздөрү да бар. Муну мурдуң канжалаганда, кадырыңды бир тыйынга баалабаганда билесиң киши! "Жарты кайык" жүрөгүм канаганда, көзүмдөн тамчы тамганда жазылган обон!..
"Жарты кайыкты" менден уруксат алып Самара Сабирова ырдады. Жогорку чеберчилик менен, дилин берип, тим эле жүрөгү эзилип ырдаптыр. Угуп сүйүндүм. Эжеге рахмат!
"ЭлFM" радиосунан ушул ырды угуп, Самара сиңдисинен тактап, сурап, андан кийин менден уруксат алып КРдин эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева ырдап калды. Эже, көп ырчыдан айырмаланып ырда жашаганды билет, ар бир кайрыкта, ар бир сөздүн түбүндө эмне жатканына маани берет. "Бул ыр мен үчүн жазылыптыр, ишенсең бер үкөм, ырдайын" - деди. Алтынай эже сураган ырды бербей болобу)))))))) Эженин аткаруусунда "Жарты кайык" жылдын мыкты ыры болду, муну уккан атактуу, жал куйругу бир кучак таланттар ушуну сен жаздыңбы деп таңыркады.
Уландысы батпады))))
Ырды Ютуб каналымдан угуңуздар.