733 14
19.06.2020
Кече 18-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрилиги тарабынан Covid-19 пандемиясына карата киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдери киргизилген учурда, элге кайрымдуулук колун узаткан фонддорго, ишкерлерге, ишканаларга ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын министр Улукбек Кочкоров тапшырды. Алардын катарында "Ак Демилгеге" коомдук фонду дагы пандемияга каршы зор салымын кошту. Фонддун ар бир мүчөсүнө жана демөөрчүлөрүнө терең ыраазычылык билдирүү менен мындан ары биздин фонд кыргыз элине талыкпастан кызмат кылууга даяр экенин билдирип кетким келет!
@ak_demilge_official
@ak_demilge_official
@ak_demilge_official