Турдакун Ниязалиев
@turdakunniyazaliev_official
Турдакун Ниязалиев

Подписчики: 175276
Посты: 1204
Подписки: 247
- Директор общественного фонда "Ак Демилге" - Экс директор центра детства "Элистан" - Амбассадор компании Umrakg - Певец (منشد)
http://gmail.com/


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
646   0
09.04.2020
Жакшы нерсенин баары күттүрбөстөн кокустан келгени жакшы. Мына так ушул сүрөттөгүдөй кокустан тартылган сыяктуу... Мисалы, ырыскың кокустан келсе, сен күтпөгөн жерден чоң суммадагы пайда көрсөң, сага бирөө күтүүсүздөн айфондун акыркысын белекке берсе, иштеген жериңден үй белек кылып калса же бир сатып алган бензиниң үчүн машине утуп алсаң, ээн талаадан алтын таап алсаң, сага досторуң күлүк ат мингизишсе, балдарың эс алуу үчүн Дубайга жолдомо беришсе эки-үч күн эңги-деңги болуп жүрөөрүң шексиз. Бирок, бир нерсени билүү зарыл! Ошолордун баардыгы сүрөттөгүдөй болуп эле калып кетет. Анын баары убактылуу. Аны менен эле бардык маселең чечилип кетпейт. Кайра эле көр тирилик. Андан көрө акырет үчүн пайдалуу иш кылалы! Алланын алдына кичинекей папкебиз менен баралы! "Кана, эмне кылдың?"- десе, папкебизди ача салып "ушул иштерди бүтүрдүм" дегенге. Жараткан Алла Таала мени жакшылыкта жарышуучулардын алдында кылсын!!!!
647  
20.09.2019
Бир киши жаш баласы менен сапарга чыгат экен. Жарым жолдон ал экөөсүн жоокерлер кармап алышып, алардын мекени кайсы жерде жайгашканын сурашат. Булардын кара ниетин түшүнгөн баягы киши бул суроого жооп берүүдөн баш тартат. Алар бул кишинин тетири жообун уккандан кийин, экөөсүн тең өлтүрүп салышаарын эскертет. Анда баягы киши " Менин баламдын башын алсаңар гана биздин мекенибиз кайсы жерде экенин айтып берем"- дейт. Алар дароо баласынын башын алышып, андан жеринин кайсы жерде жайгашканын кайра сурашканда "мен бул суроого жооп берүүдөн такыр баш тартам" - дейт. Таң калышкан жоокерлер "сен бизге балаңдын башын алсак жооп берем дебедиң беле" - деп сурашканда баягы киши "эгерде силер биринчи менин башымды алганыңарда, балам жаштык кылып коркконунан силерге жерибиздин кайсы жерде жайгашканын айтып коймок. А силер болсо, баары бир баламдын дагы башын алмаксыңар" - деген экен. Ошентип натыйжада баласы дагы, өзү дагы Мекени үчүн курман болот. Азыр болсо, өзүнүн керт башы үчүн, бала-чакасы үчүн Бейиштей болгон жерибизди ар кимге карматышты... Эми мына буга окшогон калган жерлерибизди сактап калалы!!! Көз жоосун алган жерлерибиздин саны арбын. Кече мындай кооз жерлеримдин биринде эс алып кайттык. Аба ырайы өтө керемет! Абасы салкын! Тамак-ашы өтө даамдуу жана бардык шарттары бар экен. Сүрөттө көргөнүңөрдөй, жогору жакта тоонун чокусу аппак кар, ылдыйраак жагы жап-жашыл карагай, эң төмөнүндө сап-сары жалбырактуу ак кайыңдарга бай тоонун койнунда жайгашкан Шаабото эс алуучу жайы баарыңыздарга эшиги ачык. @asktravel.kg аркылуу байланыша аласыздар.
Загрузка...