𝕌𝕃𝔸ℕ 𝕊𝕐𝔻𝕐𝕂𝕆𝕍
@ulan_sydykov
𝕌𝕃𝔸ℕ 𝕊𝕐𝔻𝕐𝕂𝕆𝕍

Подписчики: 143941
Посты: 1048
Подписки: 239
🔘 По вопросам сотрудничества пишите 🔘 в direct или в whatsapp 0556 00 75 75

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
851   15
09.01.2020 Osh, Kyrgyzstan
Волейбол менин жашоомдун бир бөлүгү. Топко дегенде баардык жумуштарды таштап кетип калчуумун. Кандай гана заарыл иш болбосун баарын таштап түнү менен жол жүрүп алыстарга барат элек. Бирде Кара кулжадан тойдон чыгып түнкү саат 1 куршабка үйгө келип тойдун формасын чечип спортивный кийинип формаларды алып через карасуу айдап Заир досумду алып Оштон Бекзат инимди алып Баткенге жолго чыгып кеткенбиз тойдон чарчап чыгып Кара кулжадан баткенге машина айдап барганмын жарым саат сайын токтоп бетимди жууп аябай кыйналып араң жеткенбиз. Бирок ошончо мээнеттин үзүрү кайтып 1-местаны алып баш байгеге коюлган авто унааны утуп келгенбиз. Оштон учөөбүз барганбыз Баткенден Курстан досум бир пасовщик Өзбекстандан Алишер досум чыккан. Ошентип курама команда чогулганбыз. Аябай кыйналганмын жолдо ошон үчүн эсимде калса керек. Бирок той учурунда топту таштадым себеби жообкерчиликтүү жумуш волейбол болуп калса барып ойноп финалга чыгып калсакда таштап тойго кетем. Ошентип волейболдуда таштадым. Себеби той ээлери ниет кылып бир той кылат тойум жакшы өтсүн деп атайын тандап мени айтышат. Аны кедээ түшүнүшпөй командадагы бирге ойногон балдар капа болушат.Бирөөнү жөнөтүп тур оордуңа деп мен эч андай кылалбайм.Аз эле жазайын дегем сөздүн артынан сөз чыгып көбөйүп кетти 🙏🏻...✍🏻
Загрузка...