𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc
Загрузка...
Коронавирус. Япония карантинден баш тартты. Себеби эмнеде? Тескерсинче, Япония мындан үч жума мурда мектептерге киргизген карантинди алып таштады. 1-апрелден баштап (Япониянын окуу жылы ушул числодо башталат) балдардын баары демейдегидей эле мектепке барышат. Күн Чыгыш өлкөсүндө жашаган биолог Владимир Белоусов мунун сыры эмнеде экенин жана эмне үчүн Японияда өзгөчө кырдаал да, карантин да кирбей турганынын себептерин жазып чыккан. Автордун уруксааты менен анын жазганын Украинанын НВ маалымат порталы жарыялаган. Азыр дүйнөдө гигиенаны пропагандалоо катуу жүрүп жатат. Ар кайсы өлкөлөрдүн президенттери жана борбор шаарлардын мэрлери өз жарандарын колдорун жууганга,  колдору менен беттерин кармалабоого үйрөтүп; кол алышып саламдашпоого жана кучакташпоого чакырып; үйдү дайыма нымдуу тазалоодон өткөрүп турууга; туура тамактанууга ж. б. у. с. үндөп жатышат. Японияда баары тең бир аз башкачараак. Анда ар бирине кыскача токтололу. 1. Гигиена.  Японияда болгондор бир нерсеге көңүл бурушса керек – япондордон эч качан эч нерсе жыттанбайт, жыттана турган болсо парфюмдун билинээр-билинбес гана ароматы келет, мурунга. Себеби, япондор тазалыкты аябай катуу  карманган эл: бир күндө үч ирээт душка түшүү (минимум эки жолу), ошондой эле кенедей эле мүмкүнчүлүк боло калганда колду бат-баттан жууп туруу адатка айланган. 2. Япондор кийимди бат-баттан алмаштырып турушат, а ич кийимди бир күндө бир нече жолу айырбашташат. Бул норма. 3. Японияда адамдарга колуңду тийгизүүгө болбойт.  Кол алышуу, кучакташуу жана жөн эле колду тийгизип коюу, өтө интимдүү көрүнүш болуп саналат. Ошондуктан мындай кыймыл-аракеттер өтө жакын кишилердин арасында гана болушу мүмкүн. Япон таазими (жүгүнүүсү) — жашоонун баардык учуруна жарайт. 4. Дистанция. Япондуктар дайыма дистанция сакташат. Дүкөнгө же банкоматка кезекке турасызбы, же коомдук унааны күтүп атасызбы, же башкабы, айтор эч ким сизди артыңызда желкелеп, демитип  турбайт. Оолак турат. Эгер шарт туура келсе бир метр эле эмес андан да алыс турат. 5. Санитардык тазалоо. Сезондуу эпидемиялардын учурунда эле эмес, күн сайын жана жылы боюу бүт өлкөдө, бүт Япониянын ичинде баардык коомдук жайларда жана коомдук унаада санитардык тазалоо өткөрүлүп турат.👇

Загрузка...