𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc
Загрузка...
Театр оперы и балета / Opera and ballet theater
Бугун, 12-декабрь - улуттук адабият майрамы! Адабият күнү республикабыздын жер-жерлеринде белгиленүүдө: 📖 Маданият жана туризм министрлигинде Чыңгыз Айтматовдун туулган жана Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнүнө карата алардын элесине арналган эскерүү иш чарасы өткөрүлүүдө. 🎤Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын имаратында Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизиндеги театралдык спектаклдар жана Алыкул Осмоновдун поэзиясына арналган адабий-музыкалык кече отуудо. Андан сырткары, опера жана балет театрында Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы дирижёр Бакыт Тилегенов баштаган эл аспаптар оркестринин чон программадагы концерти болуп отту. Концертте белгилуу ырчылар оз онорлорун тартуулап, элдин алкышына арзышты. Кудайдан унсуз сураган тилектерим убак-убагы менен аткарылып келуудо. Белгисиз себептер менен алып баруучулар келбей калгандыгына байланыштуу ал милдетти мен аткарганга туура келди. Кудайга шугур!!! Кыргыз журту Манас ата менен, Чыңгыз Айтматов менен чындап сыймыктана алат. “Нобель” сыйлыгына ээ болгон француз жазуучусу Луи Арагон анын “Жамийла” повестине “Баардык мезгилдин мыкты сүйүү баяны” деген. Маданият улутту сактайт!!! #театроперыибалета #концерт #мэрии #города #бишкек #ведущая #умутайабдышова

Загрузка...