Дагы бир кардарымдын суранычы менен ыр жазып бердим. "Кыйылбас үмүт" деген аталыш койдум.
Башынан өткөргөн тагдырды төкпөй-чачпай айтып берген келиндин сөзү чагылдырылган чыгарма.
Мурда турмушка чыкпаса да, жолдошунун 2 баласы бар экенине карабай, экинчи жубай болуп тийип, 1 уулду төрөп, кайын журтунун азабын тартып, бир тууган абысыны жолдошуна күндөш болсо да, жарынын келерине үмүт кылган бир кыргыз келининин үмүтү камтылган.
Ушундай тагдырлар миңдеп саналат.
Бул-бирөө гана.