𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
383   5
25.06.2020 ОсОО "Медиа Холдинг "Пирамида"
Ак көйнөк кийген бийкеч "Хайлайлоусун" пирамида телеканалынан да презентация кылып, өмүрүндө биринчи жолу түз эфирден комуз күүсүн ойноп кайтты. Босогодон чыга берерде сб байке, "Кызым, ЛАЙЛОҢ" менен жыйынтыктадыңбы? Өнөрлүү кыз экенсиң!" деген комплименти менен узатып койду. "Лайлоу" деген аталыш жакты😀 Ал эми кире бериштеги сб байке бет кап кий эле кий деп жанымды койбойт. Эми байке лифтке чейин эле кийем баары бир, эфирге бет кап менен чыкмак белем десем да кеп-сөзгө келбейт. Эмне кылсын, ишин туура аткарып жатат. Бирок, чындык! Сода борбору болобу кайсыл жерге кирбейли эшиктин АЛДЫНДАГЫ сатыкта турган масканы😷 сатып алып киребиз, кийип. Ичин карасаң, баягынын бири жок. "ЖЫЛАҢБЕТ" эле жүрүшөт. Кой ай деген бир жан жок. Келгиле, жапа тырмак кийип, ден соолугубузга кам көрөлү. Башканын да ден соолугу бизге көз каранды, Кудай сактасын!😷 Алып баруучулар Чыңгыз менен Нурайка мактаса кошо мактана берипмин.😊😀 Эмне деп мактанышым мүмкүн?
Загрузка...
345   4
07.11.2019 Biskek , Kyrgystan
"Баталуу адам жакалуу тондой" деп Кубат Жакыпов озунун "Ыйман наама" китебинде бекер жазбаган. Элимдин батасы тийип жакалуу тон кийгендей эле, аздыр-коптур эл аралап, сыйга татып калдым. Жакасыз тон кийип журсом да, жузун тааныштай деп жылуу созун айткандар да жок эмес! А бирок, жылдызга кол сунсам да, жыланач кетеримди унутпай, жупуну кийинип, жупуну батирде жашап, кун коргонум анык. Балапан кезимден осуп, куш болдум. Туурума конгон элем, уям бузулду. Бармагым тиштеп окунгон жокмун! Тагдырга баш ийдим. Бактымдын ачыларын сезем. Бирок, куткон жанга кун отпойт. Суранбасам куру каламбы деп, Кудайымдан тиленем. Баарына кайыл болуп, жалкоолук менен да кун откордум. Акыры, мээнет менен кун батырсан, доолот коштоп тан атарын тушундум. Которумдуу жан элем, эми болор-болбоско коз жашымды тогуп жашык болуп алдым. Даректен адашып калсам да, коз жашым даяр. Байлыкты бактым деп ойлойм. Зангыраган уй коздон учат. Кайгынын даамын билбеген байлар бактылуу деп ойлойм. А бирок, коодонумдогу тазалык, жузумдогу жылдыз, кокуроктогу арзуум-ырым байлыгым экенин кээде унутуп калам. Ошол барлыгым менен бугун 16.00 до " Санжыра"(103.3) радиосунан болушом. Байланыш телефон: 0312 577798 #умутайабдышова #санжыра #103.3