𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶
@umutai.abdyshova
𝒰𝓂𝓊𝓉𝒶𝒾 𝒜𝒷𝒹𝓎𝓈𝒽ℴ𝓋𝒶

Подписчики: 77523
Посты: 2781
Подписки: 368
Ссылка "Абышканын арманы" ⤵️⤵️⤵️
https://youtu.be/zKkA9kUJXLc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
345   4
07.11.2019 Biskek , Kyrgystan
"Баталуу адам жакалуу тондой" деп Кубат Жакыпов озунун "Ыйман наама" китебинде бекер жазбаган. Элимдин батасы тийип жакалуу тон кийгендей эле, аздыр-коптур эл аралап, сыйга татып калдым. Жакасыз тон кийип журсом да, жузун тааныштай деп жылуу созун айткандар да жок эмес! А бирок, жылдызга кол сунсам да, жыланач кетеримди унутпай, жупуну кийинип, жупуну батирде жашап, кун коргонум анык. Балапан кезимден осуп, куш болдум. Туурума конгон элем, уям бузулду. Бармагым тиштеп окунгон жокмун! Тагдырга баш ийдим. Бактымдын ачыларын сезем. Бирок, куткон жанга кун отпойт. Суранбасам куру каламбы деп, Кудайымдан тиленем. Баарына кайыл болуп, жалкоолук менен да кун откордум. Акыры, мээнет менен кун батырсан, доолот коштоп тан атарын тушундум. Которумдуу жан элем, эми болор-болбоско коз жашымды тогуп жашык болуп алдым. Даректен адашып калсам да, коз жашым даяр. Байлыкты бактым деп ойлойм. Зангыраган уй коздон учат. Кайгынын даамын билбеген байлар бактылуу деп ойлойм. А бирок, коодонумдогу тазалык, жузумдогу жылдыз, кокуроктогу арзуум-ырым байлыгым экенин кээде унутуп калам. Ошол барлыгым менен бугун 16.00 до " Санжыра"(103.3) радиосунан болушом. Байланыш телефон: 0312 577798 #умутайабдышова #санжыра #103.3
Загрузка...
331  
18.10.2019 Бешинчи канал - Пятый канал
5-канал азыркы замандын койгойлуу маселеси тууралуу кеп козгоду. Тема: "Той жонундо ой" Урматтуу жазылуучум, азыркы отуп жаткан той-топурлар жонундо сиз дагы пикир калтырыныз. 🎙 Тамада кандай болуш керек, кандай суйлоп, кандай оюн-зоокторду откоруш керек? 🎙Сизге кайсы тамада жагат, эмнеси менен? 🎤 Ырчы-чоорчулар кандай кийинип барып, кандай ырларды ырдаш керек? Ырчыларга элдин табити кандай? 🎤 Кайсы ырчыларды жактырасыз? Жар-жарды кандай статустагы ырчы айтыш керек? Ырым-жырымдарга ишенесизби? Дегеним, ажырашкан же бойдок ырчы кыздар жар-жар айтса уйлонуп жаткан жубайларга доо кетиши мумкунбу? 🎧 Антракт учурунда кайсы тилдеги музыкалар, кайсы стилдеги музыкаларга бийлегиниз келет? #тойбишкек #тойпой #той #тойтопур #свадьбы #свадьба2019 #жаржар #кызузату #умутайабдышова #5канал #бишкек🇰🇬 #ой #прямойэфир
331  
15.12.2019 Frunze, Bishkek, Kyrgyzstan
Кудайга шугур! Бир эле коз ирмем экен.😢 Журогум оозума тыгылып, кабынан чыгып кете жаздады. Берген убада менен Балыкчыга барып, Бишкектеги убадама жетишейин деп кайра кайтып келаткан кандуу жолдо кинодогудай трюк жасадым. Шашканымдан учкан куштай сызып келаттым эле. Шок жаным, тайманбастан тайгакты сезбей. Кардын жааганы жакшы болгону менен, жолдогу бурганак жаман эле болчу. Унаадан тушсон кулагынды алып кете жаздайт экен, аркыраган шамал. Ал эми жаан аралашкан кар терезеге тиери менен тонуп, жол кароого мумкунчулук болбой калып жатты. Баратканда бир женил машина уболонуп жатты эле, келатканда килейген камаз оодарылып кетип, келаткан жол жабылып, жолдун бери жагы тыгын... Иши кылып баарынарга Кудай жар болсун! Кайра-кайра келиме келтирип келатканым кудайдын кулагына жетип сактап калдыбы деп ойлодум. Ошончо тайгактан, ошончо ылдамдык менен келаткан унаанын айланып-айланып токтоп калышы мумкун эмес эле. #омур #умутайабдышова #кудайгашугур
329   37
28.03.2020
Карантин болгонуна карабастан, комуз чертип ырдаганды уйронот элем дегендердин каттары толуп кетти. 📃📧🎶 Ойлонуп олтуруп онлайн окутууга окуучуларды жазып баштадым. 📜💰 Эн жакшы жери бир адамга толоп коюп, уйдогулордун баары уйронуп алышат☝️Андыктан, бала-чаканыз менен комуз уйронунуз. Каатчылыкка байланыштуу айына 3000 сом, элсом аркылуу толонот (0709503553) Каалаган 10 ырды чертип ырдаганды уйронушот, ушул 1 ай аралыгында. Уйротуу жолу эн оной. Воцапп аркылуу уйротуп коём. Балким ар дайым эле ушундай окутууну улантам. Себеби, убакыт сааты жазылган боюнча окутчу жайга барам атайын убакыт болуп. Тыйынын толоп коюшуп, айтпай-дебей келбей койгон шалаакы окуучулар четтен чыгат.(кобунчо бизден улуу эже-байкелер) Жинин келет. Анткени, 1 саат индивидуальный сабак ошол эле окуучуга отулмок. Усту-устуно жанды койбой программаларды жаздырып кетишет, жатташпайт. Муну менен эч майнап чыкпайт. Ал эми тескерисинче, коз ачып-жумганча жаттап, дагы муну-тигини уйроном деп демиткендер да коп. Алар учун кубанычтамын. #уйдожатыпбилималыныз #курскомуза #умутайабдышова #курсы #онлайнкурсы